Жолдо жүрүү эрежесин бузган жарандарга 500 сом өлчөмүндө айып салынат
Жолдо жүрүү эрежесин бузган жарандарга 500 сом өлчөмүндө айып салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган башкармалык жөө адамдардын жол эрежелерин бузуусу боюнча рейд өткөрүүдө.
"Бул рейддин жүрүшүндө унаа жүргөн жолдун атайын белгиленген жеринен эмес, туш келди кесип өткөн жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган жөө жүргүнчүлөргө айып салынат. Тактап айтканда, административдик жоопкерчиликтин 247-беренеси (жөө жол кыймылынын эрежелерин бузуу) боюнча 500 сомдон айып пул салынат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
2

Жок. Андай кылууга акча керек.
Келгиле андан көрө билбегендерден акча жыябыз деген ойду карманат.
Кокусунан фараны күйгүзбөй калып, же ремень такпай калсаң да эскертүү бербейт.
Урматтуу айдоочу, ремень такпай каддыңыз. Тагып алыңыз. Сак болуңуз деп айтып койсо, экинчи жолу унутпайбыз го.
Жумуш ордун түзүп, элдин жашоо деңг