super.kg logo

Текебаевдин жактоочусунун мүлктөрү сатыкка коюлат

 

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын камакка алынган мүлктөрү сатыкка коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токтакунова өзү билдирди.

Анын айтымында, экс-президенттин өкүлү соттун камакка алуу чечимин өзгөртүү үчүн доо арыз менен кайрылганы жаткан.

"Соттук аткаруучу мага чалып айта элек, бирок мага жеткен маалыматтар боюнча кийинки жумада соттук иш башталат. Сотко соттун чечимин өзгөртүү үчүн экс-президенттин өкүлү доо арыз менен кайрылганы жатат. Соттук чечим өзгөрсө, биз айыпка жыгылган сумманы биздин камакка алынган мүлктөрдү сатуу менен ала алышат", - дейт Токтакунова.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алган. Камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир, жер тилкеси бар.

2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди сотко берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.03.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ким каргашалуу жүктүн ээси??!!
06.03.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
АША президенттикти тынч өткөрүп берди деп сүйүнүп жатсак, артында жип узун окшойт. Текебаев камалды, анын жактоочусун бошотсун да.

06.03.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аша жүргөн жериң каша ...
Чыгашаны актайын деп ататко шүмшүк.
07.03.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой бой не деген адам, бул Аша тойбогон тешип чыгатко арам тамак.
07.03.2018. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтылганга чейин сөз сенин кулун, айтылгандан кийин сен сөздүн кулусун
07.03.2018. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын чекеден камап эле атат акыры тынчылык эле болсунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: