super.kg logo

"Өлкөдө жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көрүнүштөрү күчөп жатат" дейт Бакен Досалиева

 

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште улуттук аялдар форуму өтүүдө. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген активдүү, коомдук саясий ишмер айымдар катышууда.

"Аялдарды колдоо борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Бакен Досалиева жашы жете элек кыздардын турмушка аттанышы, көпчүлүк учурда жагымсыз окуялар менен аяктап жатканын айтты.

"Өлкөдө акыркы учурда жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көрүнүштөрү күчөп баратат. Бул ала качуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ажырашуу, төрөт учурундагы энелер менен ымыркайлардын өлүмү менен коштолууда. Жаш жубай болгон кыздардын нике курагына, мүлккө, ден соолук, билимге болгон укуктары бузулуп, алар келечегинен ажырап жатат. Эл аралык стандартка ылайык, жашы жете элек балдар турмуш курууга макулдугун берүүгө даяр болбойт. Жаш курагынын айынан турмуштун кесепеттерин түшүнө албайт. Жашы жете элек балдарга бир канча мыйзамдарда чектөөлөр бар", - деди Досалиева.

Аялдар форумунда бойго жете элек өспүрүм кыздардын арасындагы никеге тыюу салуу маселеси талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: