Милициянын жыртылган бут кийим кийиши коомчулуктун талкуусуна түштү

Социалдык тармактагы баракчаларда бут кийими жыртылган милиция кызматкеринин сүрөтү жайылып, кызуу талкууга түштү. Айрым колдонуучулар кызматкерлердин маянасы аз экенин, аларга социалдык жардам көрсөтүлбөй турганын жазышууда. "Алар да үй-бүлөсүн багыш керек. Полиция деп өзгөртүп гана койбостон керектүү шарттар да түзүлүшү зарыл", - деген билдирүүлөрүн жазышууда.
Талкуу жараткан сүрөт кечээ, 5-мартта Жогорку Соттун алдында коррупцияга каршы өткөн митингде тартылган.
Бул сүрөт менен бөлүшкөндөр: "Милиция батирге, бала бакчага, мектепке акча төлөш керек, үй-бүлөнү каржылаш керек деген ой менен жүрсө, иш кайдан жылат? Адегенде алардын айлыгын жакшыртуу керек, ошондо гана коррупция менен күрөшүү натыйжалуу болот", - деген пикирлерин жазган.
Ошол эле учурда бир эле кызматкердин бут кийими менен бүтүндөй милициянын абалын салыштыруу туура эмес деген оюн жазгандар да бар.


120 жепжутат 20000 сомдон айлыкка иштешсин.
Кылса иштемек