super.kg logo

Башкы прокуратура мамлекетке 12 миллион сом зыян алып келген деп Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жоопкер адамдарына кылмыш ишин козгоду

 

Башкы прокуратура мамлекетке зыян алып келгендиги үчүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жоопкер адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура Аскер прокуратурасы менен биргеликте өткөргөн текшерүүнүн натыйжасында Мамлекеттик "Аскер курулуш" ишканасы өлкө казынасына 11 миллион 988 миң сом зыян келтиргени аныкталган. Ишкана курулуш каражаттарын сатып алууда каржыны туура эмес колдонгону жана мамлекеттик сатып алуу иштеринде мыйзамда көрсөтүлгөн тартипти сактабагандыгы белгилүү болгон. Жыйынтыгында, Коргоо боюнча мамлекеттик комиттеттин жана "Аскер курулуш" ишканасынын жоопту адамдарына башкы прокуратура тарабынан 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-берене (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 308-берене (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу ) менен кылмыш иши козголгон.

"Башкы прокуратура бул иш боюнча фактыны аныктады, учурда иликтөө иштери уланып жатат. Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн кылмыш иши козголгон жарандар жөнүндө маалымат берилбейт. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен маалымат толук айтылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.03.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болот эле экенго ушинтип иштесе молодцы
06.03.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы.
06.03.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Соке! Жеген кандай болоорун коргозунузчу,жеп-жутаарларга...
06.03.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттин коргоо кызматындагылар ушуну кылса.Генпрокуратурада гиганттар бар экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: