super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн чечимдери, премьер-министрдин буйруктары өз убагында аткарылбаса, жетекчилер жоопко тартыла тургандыгын билдирди

 

Бүгүн, 13-июнда өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн чечимдери, премьер-министрдин буйруктары өз убагында аткарылбаса, жетекчилер жоопко тартыла тургандыгын билдирди. Айтымында, бардык жетекчилер иштеп жаткандыктарын билдирүүдө, бирок иш жүзүндө эч кандай жыйынтык жок болуп жатат. “Маданият, маалымат жана туризм, Айыл чарба жана мелиорация, Транспорт жана коммуникация, ошондой эле Каржы министрликтеринде айтылган иштер убагында аткарылбай жатат. Эгер иштегиңер келбесе, бизди жана элди кыйнабагыла”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев министрлик менен ведомство жетекчилерине бир ай ичинде бул маселени жолго салып, актылар менен тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө алууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: