Акыркы коңгуроодо белек берүү үчүн акча чогултууга тыюу салынды
Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроодо белек берүү үчүн акча чогултууга тыюу салды. Бул жарлыкка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Мектеп жетекчилерине Акыркы коңгуроодо белек берүү үчүн акча чогултууга жана белек алууга тыюу салынат. Ошондой эле майрам убагында окуучулардын коопсуздугу үчүн мектеп жоопкерчиликтүү болорун жана ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүп, көрсөтүлгөн эрежелерди толук аткарууга билим берүү бөлүмдөрү жоопкер экени көрсөтүлгөн.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
4

Ата-энеге эле кыйын. Бир классты толук ремонт кылып бересиңер деп талап катары коёт кээде.