super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Чыныгы сүйүүнү даңазалаган "Махабат" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жашоодо адамга таза, чыныгы сүйүү күтүүсүз жолугуп калышы мүмкүн экенин көрсөткөн "Махабат" тасмасы кошулду. Фильмдин режиссёру Мурат Мамбетов, ал эми продюсери жана сценарийин жазган белгилүү актриса Шайыр Касымалиева.

"Тасмадагы окуя жашоодон алынган, бирок айрым жерлерине көркөмдүк кошулган. Мен сценарийин жазып жатканда эле тасмада кимдин ролун ким чагылдырса жараша турганын алдын ала элестетип койгом. Ошол менин оюмдагы актёр-актрисалардын мүнөзүнө жараша сценарий жазылган. Кинонун каармандары жаңыдан актёрлукка аралашып жаткан инсандар эмес, баары тең тажрыйбалуу. Мындан улам тартуу учурунда көп деле кыйынчылык болгон жок. Бирок каражат жагы бир аз тартыш болгондуктан оор болду. Баса, фильмдин режиссёру Мурат Мамбетовду да өзүм тандагам. Себеби ал киши менен буга чейин бир канча жолу чогуу иштешкендиктен, анын өз ишин канчалык деңгээлде мыкты аткара турганын билчүмүн. Ал эми баш каармандын ролун өзүм аткарайын деген оюм жок эле, режиссёрдун "бул роль сага жарашат" деген сөзүнө көнүп, өзүм тартылып калдым", - дейт Касымалиева.

Тасмада Махабат аттуу каарман күйөөсү менен жаш кезинде эле ажырашып, эгиз кыздарын жалгыз тарбиялап чоӊойтот. Кыздарынын бирин турмушка берем деп даярданып жатканда кокусунан Кайрат аттуу мырзага жолугуп калат. Бирок алгачкы жолугушууда Кайраттын орой мамилеси башкы каармандын көӊүлүн ирээнжитет. Кийин да турмуштун ар кандай кырдаалдары экөөнү жолугушууга мажбур кылат. Ошентип ортолорунда жылуу сезим пайда болот. Бирок түрдүү тоскоолдуктар пайда болуп, башкы каармандын балдары өздөрүн гана ойлоп, алардын мамилесине каршы чыгышат...

"Махабат" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.03.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртен корот экенбиз! ураа!
08.03.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен биринчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: