super.kg logo

"Ата Мекендин" юристтери райондук соттун чечими колдоруна кеч тийгенин айтышты

 

"Ата Мекен" партиясынын юристтери УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевге жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго каршы Бишкек шаардык сотко кайрыла албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта SUPER.KG порталына аталган партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана мурдагы фракция лидери Өмүрбек Текебаев Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөновго соттон утулушкан.

Токтакунованын айтымында, Биринчи Май райондук соттун чечими убагында колдоруна тийген эмес.

"Соттун чечими 2017-жылдын октябрь айында чыккан экен. Биз соттун чечимин колубузга 2018-жылдын 17-январында алганбыз. Кеч алып калганыбызга байланыштуу аппеляциялык арыз менен кайрыла албай калдык. Сотко процессуалдык мөөнөттү калыбына келтирип бергиле деп кайрылганбыз, бирок ал арызыбыз карала элек", - дейт Токтакунова.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын юристтери Абдил Сегизбаевге жана Алмаз Үсөновго каршы Бишкек шаардык сотко кайрыла тургандарын билдиришкен.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин жана депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын аттары аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана мурдагы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан.

Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
07.03.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы сотторду кызыл китепке киргизип калыш керек жок болуп кетүүчү жаныбарларга кирет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: