super.kg logo

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору ЖЭБге жумшалган 386 миллион долларлык келишим тууралуу айтып берди

 

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов ЖЭБге жумшалган 386 миллион долларлык келишим тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-марттагы ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБди жаңылоо боюнча маселе 1980-1990-жылдары көтөрүлүп, каражат жоктугунан маселе чечилбей турган. Бул долбоор 2013-2017-жылдары башталып, 4 компания ЖЭБ курууга кызыкдар экенин билдирген. Кыргыз тарап ага ылайык деп кытайдын "ТВЕА" компаниясын тандаган.

"ТВЕА" ЖЭБди жаңылоо үчүн 396 миллион доллар сунуштаган. Кытай тарап бул компания менен кызматташууну сунуштаган болчу. Кыргыз тарап бардык компанияларды карап чыгып, "ТВЕАны" тандаган. Кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен долбоор 10 миллион долларга арзандатылган. Компания мындан ары арзандатууга барбай турганын айткан", - деди ал.

Авазов учурда Жалал-Абад шаарынын мэри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.03.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камаш керек ушундай жегичтерди. ТЭЦ ти мындан биртоп арзан 100% куруп беребиз деген компаниялар чыккан экен, алар менен эмне учун иштешбей ТВЕА деген ТЭЦкуруп корбогон кабел чыгарган ишкана менен кызматташкан? Бул келишим ото кымбат, мамлекет учун кооптуу келигим болгон.
06.03.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзбекстандын президентиндей адам келмейинче корупция менен күрөш болбойт азыркы президент эшике чыгарып коюп отура берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: