super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-МАРТ: "Туулган күнүмө Мирбек Атабеков оригиналдуу белек тартуулады" дейт ырчы Алтынай Нарбаева

 

Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева 51 жашка толду. "Туулган күнүм дайыма иш үстүндө өтөт" деген ырчы таң аткандан тартып куттуктоолорго маарып калганын айтты.

"Бүгүн Кант шаарында Аялдардын эл аралык майрамына карата концерт болду. Иш-чарага барып бардык аялзатын куттуктап ыр сунсам, алар мени туулган күнүм менен куттукташты. Ал эми таң атканда таттууларын, гүлдөрүн, зер буюмдарын көтөрүп алып бир туугандарым, балдарым, кыздарым куттуктап келишкен. Алардын көңүл бөлгөнүнө, мээрим төгүп жатканына ыраазы болуп, бактылуу карылыктын биринчи кадамдарын аттап жатканымды түшүндүм. Оригиналдуу белектердин бирин ырчы Мирбек Атабеков тартуулады десем болот. Ал биздин "Мен сени сүйөм, өмүр" деген дуэтибиздин клибин тарттырып берди. 8-мартта бет ачары болот", - деди ырчы.

Алтынай Нарбаева 1967-жылы 6-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл Октябрь айылында төрөлгөн. Ал Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун жана Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин музыка мугалими адистиги боюнча билим алган. 1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Темиркул Умөталиев атындагы №67-мектеп гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. "Ысык-Ата-Арашан" элдик фольклордук ансамблинде жана Бишкек мэриясынын алдындагы уюшулган оркестрдин солисткасы. Сахнага алгач Кадыралы Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан. 2008-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Ал эми 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын жаңырыгы" деп табылган.

6-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.03.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туулган кунунуз кут болсун!!! Коп жашаныз коп жакшылыктарды корунуз!!! "Кимибизден" ырын ушунчалык жакшы кором эч жадабай кайра кайра угам.
07.03.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже куттуктайм, мага озунуз да ырларыныз да жагат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: