super.kg logo

ЖЭБге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлдөрү кайым айтышты

 

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештеги ЖЭБге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Анда депутаттар Осмонбек Артыкбаев менен Исхак Масалиев кайым айтышты.

"50 миллион долларды бирөө жөн эле белекке бербейт. Кытай тарап кандай киреше табышы мүмкүн? 5 миллион доллар жаңы химиялык цехке берип жатат. 20 миллион 3 миң доллар грант, дагы 20 миллион доллар кепилдик үчүн каралган. Мени көбүрөөк грант үчүн берилген каражат кызыктырат. Бул акчага алар өз продукциясын алып келишти беле? Өкмөт бул төгүм үчүн аз сумма деп айткан. Жеке коммерциялык компания 20 миллион доллар белек кылып бере алабы? Бул эл аралык уюм эмес, күмөн жаралып жатат", - деди Масалиев.

Ошол учурда Энергетика министрлигин жетектеген Осмонбек Артыкбаев бул долбоордун маанисине токтолду.

"Бул долбоор өлкө жана элдин өмүрү үчүн маанилүү болчу. Сиз ушул жерден да бир нерсе тапкыңыз келип жатабы? "ТВЕА" 19 миллион долларды кепилдик үчүн кармап турат. Бул нормалдуу эле көрүнүш. 5 миллион долларды химиялык цех куруу үчүн бөлдү. Бул 386 миллион доллардын бөлүгү", - деди Артыкбаев.

Масалиев Артыкбаевди айтылган сындарга терикпөөгө чакырды.

"Эгер сизге сын сөз жакпаса мен унчукпай отурушум керекпи? Чыдап туруңуз мен оюмду жыйынтыктап алайын. Сиздер англис тилиндеги документке кол койгонсуздар. Сиздердин араңыздарда англис тилин мыкты билген бирөө барбы? Орус тилине да жакшылап которо алышкан эмес. Мен өз оюмду билдирип жатып катуу айтышым мүмкүн. Ошол насыяны силер менен кошо биз да төлөйбүз", - деди Масалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.03.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Масалиев туура айтат. Мамлекеттин коопсуздугун ойлобой оз чонтогун ойлогон башчылар камалбаса болбой калды.
06.03.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анын реакциясы туура эле корунуш, анан эмне жеп койгонбуз демек беле.
06.03.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде МЫЙЗАМ да чала экен. Эгерде кимде ким коррупция менен кармалса,кызмат абалынан кыянаттык кылса,жогоруда айткандарымды билип туруп жашырып койсо омур бою абакка кессин мулкун мамлекетке кайтарсын деген МЫЙЗАМ чыгарыш кк ошондо ким жейт ким уурдайт. Коррупцияны токтотуунун жолу БИР ГАНА ушул башка жол жок!Бирок аткаминерлер жогорудагы мыйзамды колдобойт колдогондор аз себеби баары коррупционер. Президентке кайрылат элем. Бирок мага чейин канчасы айтты. Ажобуз ойлонуп жатты болду бекен
06.03.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге мындан башка эч нерсе жардам бербейт. Коррупция менен кармалгандар кайра эле коррупция жолу менен кутулат. Макул пара алды дейли алган кишинин бир тууганы баласы ата эне жакындары ал акча менен жашаса кантип коркпойт каргыш тийбейби оорукчан болбойбу кырсыктабайбы деп ким элдин акчасын жесе жегени желим ичкени ирин болсун аминь башка соз жок
07.03.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 жылдары башкарма бир койчуну партияга өтөсүн деп райкомдун 1 катчысына алып барат ушул жигитти партияга кабыл алышыбыз керек абдан жакшы иштейт деп мактайт биринчи катчы суроо берет эй жигит басмачы болдуң беле десе болгом дейт анда жарабайсын деп чыгарып жиберет жолдо баратып башкарма басмачы болгон эмесмин деп койбойт белең десе кор башы өзү сурап жатса кантип жалган айтам деген экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: