super.kg logo

Бишкекте адамдар сүрөттөгүдөй өзгөрүүсүз калса деген ойду камтыган "Сүйүү керемет" тасмасы көрсөтүлдү

 
Датка Иманова, тасмада баш каармандын ролун жараткан
Анвар Осмоналиев, фильмде баш каармандын ролун жараткан

Бүгүн, 6-мартта борбордогу кинотеатрлардын биринде режиссёр Аман Замирдин "Сүйүү керемет" аталышындагы кинокомедиясынын бет ачары болуп өттү. Тар чөйрөдө көрсөтүлүп жаткан тасманы көрүү үчүн маданият өкүлдөрү, тасманын жаратуучулары жана журналисттер келишти.

Режиссёрдун айтымында, кыйынчылык болбосо кино тартылбайт. "Сүйүү керемет" тасмасын тартууга 2 айдай убакыт кетип, 2 миллион сом сарпталды. Бул кино менен элге сүйүүнүн керемети үй-бүлөдө болорун көрсөткүм келди", - дейт Заман Замирдин.

Аталган фильмде Анвар Осмоналиев, Датка Иманова, "Тамашоучу" Эмил Токтошев, алып баруучу Айзада Жамгырчиева, ырчы Асел Кадырбекова, Кайрат Дүйшөбаев роль жаратышкан.

Ал эми "Сүйүү керемет" фильминде баш каармандын ролун жарткан 20 жаштагы Датка Иминова бул анын кинодогу дебюттук ролу экенин айтты.

"Тасмага чейин клип, жарнамалык роликтерге тартылгам. Баш каармандын ролун алганда толкундандым. Актёрлук билимим жок, кесибим экономист. Тасмага өзүмдүн көк беттигим менен тартылып калдым. Себеби кастинг эки күн болуп, мен үчүнчү күнү болбой келип алгам. Ошентип өжөрлүгүм менен баш каармандын ролун жаратып калдым. Буюрса, дагы көптөгөн тасмаларда тартылам деп ойлойм", - дейт Иминова.

Буга чейин 5 тасмада роль жараткан Анвар Осмоналиев: "Тасма Бишкек шаарында тартылып, башкы каарманга мени режиссёр өзү сунуштаган. Мында жайдын ысык күндөрү эле кыйынчылык жаратпаса, калганы оӊой эле болду", - дейт ал.

Тасмада өзүнө ишене албаган Азат аттуу студент жакшы фотограф. Ал Марал аттуу кызды көп жылдан бери жактырып, бирок ага бир да басып барып сүйлөгөнгө эрки жеткен эмес. Ал эми Марал жогорку окуу жайдын эӊ сулуу, акылдуу кыздарынын бири. Жигит Марал менен таанышам деп университеттеги балдардан токмок да жейт. Азат "кыздар менен таанышуу кандай кыйын, фотоаппарат менен тартып эле сүйдүрүп алсаӊ" деп кыялданат. Анын бул тилеги орундалып, фотоаппарат чын эле "сыйкырдуу" болуп калат. Ошондо чыныгы кызыктуу окуялар башталат.

"Адамдар сүрөттөгүдөй өзгөрүүсүз калса" деген ойду камтыган романтикалык комедия 8-марттан тартып өлкөбүздүн бардык кинотеатрларынан көрсөтүлө баштайт.






Сүйүүнү даңазалаган "Сүйүү керемет" тасмасынын тушоосу кесилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.03.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкашымча,катардагы тажатма сценарий!
07.03.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рекламасын коруп эле жактырбашы. Детский мультфильм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: