super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында "Ливерпуль" "Порту" командасын ири эсепте утуп алып, аны мелдештен чыгууга аргасыз кылды

 

Чемпиондор Лигасынын 1/8 баскычындагы жооптук оюндардын дагы бири "Ливерпуль" менен "Порту" командасынын ортосунда орун алды. Бул мелдештин жыйынтыгы биринчи оюнда эле чечилип калды деген менен "топ тоголок" экенин эске алып, оюндун жүрүшүнө көз салдык.

Оюн башталып, конокто жогорку оюнду көргөзгөн "Ливерпуль" командасы үйүндө начар ойноосу мүмкүн эмес эле. Оюнда "Ливерпуль" топко көбүрөөк ээлик кылып, чабуулдарды уюштуруу менен баштады. "Порту" командасы да жөн карап турган жок, коноктогу команда экенине карабай биринчи оюнга караганда сапаттуу оюн жүргүзүп жатты. 33-мүнөттөгү кызылдардын чабуулчусу Маненин соккусу дарбаза темирине тийди, гол кирген жок. Биринчи бөлүк негизинен ушул кооз жагдай менен аягына чыкты, эсеп сандары 0:0.

Жеңиш өздөрү тарапта экенине ишенген "Ливерпуль" көп күч жумшабаганы көрүнүп турду. 59-мүнөттө орой оюн алып барган "Ливерпулдун" оюнчусу Хендерсон сары кагазга ээ болду. Эки команда тең кез-кезде кооптуу чабуулдарды жасаганы менен гол кирбей, дарбазалар кургак бойдон сакталып турду. Оюн аягына да келип жетти, кошумча 2 мүнөт кошуп берген калыс финалдык ышкырыкты жаңыртып, оюндун жүрүшүнө чекит койду. Азыркы эсеп 0:0, жалпы эсепте 5:0 "Ливерпулдун" пайдасында.

Ошентип Клопп машыктырган "Ливерпуль" командасы Чемпиондор Лигасынын 1/4 баскычына ири эсепте "Порту" командасын утуу менен жете алды. "Энфилд" стадионуна толгон эл кол чабуулар менен өз командасын куттуктап жатышты. "Ливерпулдун" да кийинки баскычта кайсы команда менен ойной турганы азырынча белгисиз.

Өз үйүнө караганда конокто татыктуу ойногон "Порту" мелдештен четтөөгө мажбур болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.03.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
оз уйундо гол сого албаганы тан калычтуу. ийгилик Ливерпульга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: