ЭЛДИК КАБАР: "Аксынын Тегене айылындагы спорт залдын курулушу 10 жылдан бери бүтпөй жатат" дейт окурман



Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Тегене айылында спорттук залдын курулуш иштери 10 жылдан бери бүтпөй жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 7-мартта окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Айыл жаштары оюн өткөрүүгө, спорт менен машыгууга шарт жок. Кышкысын суукта, жайкысын жайдын саратанында сыртта ойноп келебиз. Спорт залдын курулушу 10 жыл мурун башталып, ушул кезге чейин аяктабай турат. Учурда ичине полдору кагылбай жатат", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Бүтө элеги өтө өкүнүчтүү.
Ашар жолу мн же марафон өткөрүп бүтөрүп алгыла эми. Ийгилик!!!