Жалал-Абад облустук прокуратурасы мини-футболдук аянтчалуу болду
17-ноябрда Жалал-Абад шаарынын облустук прокуратурасында мини-футболдук аянтча ачылды. Бул салтанаттуу иш-чарага КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев күбө болду. Ошондой эле прокуратура органынын түзүлгөндүгүнүн 88 жылдыгына карата мини-футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат боюнча прокуратура кызматкерлеринин ортосунда мелдеш болду. Мелдешке Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын прокуратура кызматкерлери катышып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:43
2026-02-14
16:19
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















