super.kg logo
  Саясат  

Депутат Иманалиев: "Биз бузук мыйзам менен өлкөнү оңдоп, парламенттин кадырын көтөрө албайбыз"

 

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев буга чейин өкмөт көп ката кетирип, бирок жоопкерчилик тартпаганын айтты.

"Кечээ Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтып келген мыйзамды карадык. Өкмөт өкүлдөрү премьер-министр Орусия менен миграциялык өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча келишимин үч окууда кабыл алып бергиле деп суранып жатканын айтышкан. Андан соң биз кабыл алганбыз. Эки айдан кийин өкмөт башчы президентке "мыйзамсыз мыйзам кабыл алынып калды вето коюңуз" деп кат жазууда. Жоопкерчилик кайда, мамлекет силерге оюнчукпу? Биринчиден, Кыргыз мамлекетинин беделине доо кетти. Орусия менен кол койгон парламент үч окууда өкмөт башчынын суранычы менен колдогон келишим мыйзамсыз экен. Экинчиден Орусия менен мамилебиз кандай болот? Кыргыз мамлекети мыйзамсыз ратификацияны кабыл алдыкпы? Президентти жаманатты кылып жатасыңар. Орусия менен келишимге вето коюлуп жатат. Бул эл аралык мамиледе чоң ката. Биз бузук мыйзам менен өлкөнү оңдоп, парламенттин кадырын көтөрө албайбыз", - дейт Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: