super.kg logo

УКМК: "Жол чарба департаментинин директору камакка алынды"

 

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ак-Талаа районунун Ак-Тал-Чат айылындагы “Нарын суусу аркылуу көпүрө” объектисиндеги калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө “Кербен жол курулуш” ААКсына 45 миллион 800 миң сом которуп берген.

"2017-жылдын июль айында түзүлгөн келишимге ылайык, оңдоо иштерин ошол жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү үчүн “Кербен жол курулуш” ААКсынын эсебине банктын кепилдиги жок, мыйзамсыз түрдө 35 миллион 300 миң сом өлчөмүндө каражат алдын ала которулуп берилген. Бул сумма Ибраевдин көрсөтмөсү менен которулган. Каражаттар короторулганы менен, ушул күнгө чейин ал акчага курула турган көпүрө ишке бериле элек", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ибраев 6-март күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
07.03.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жол министирлиги өтө корупцияланышкан мекеме
07.03.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чон эле киши экен, оорубасын эми
07.03.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колу менен кылганды моюну менен тартсын.Ушуга окшогон жегичтердин айынан Кыргызстан өнүкбөй жатат.Дагы көптөглн коррупционерлер тунгуюкта быкып жатышат да жүрөктөрү дүкүлдөп.Качан бизди да
УКМК кармап кетет деп.
07.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bir jyldan beri owol kopuro butpoyt bawka mamlekette bolgondo mynday kopurodon 10du buturmok. mynday adamdardy kamabasa ech kim oylonboy ele jey beret. baaryn kamasa iwtegen iwinda oylonot.
07.03.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сооронбай Жээнбековдун ишинин жыйынтыг деп билем. Президентибизге ишеним менен колдоо көрсөтүп турсак өнүгөбүз.
07.03.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АКС билседа билмексен болуп отурган коррупционерлер кооп, эми АКСке келген жаны жетекчи бираз ушинтип кайра эле мурдагы кейпине тушот. 386 млн долларды табышса мактайт элек.
07.03.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашабай калгырлар ушу силер куйгуздунор элдин ырыскысын талап тоноп бети жоктор жооп берсин
08.03.2018. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеген болсо жооп берсин толоп берсин ашыгы менен дагын ооруп больницага жатып албай
08.03.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар экен го Укмка жегендердин баарын кармагыла . Дагы бир масале Жөлөк пул боюнча райондордо дакументти кабыл алган Мамлакеттик кызматкерлерге да көңүл буруп койсоңор жакшы болмок Карупциянын баары ошол жерде . ачык эле айтышат мынча акча алып келсең өткөзөм болбосо убактымды алба чык эшике деп эле эгерде Акча берсе бай уй бүлөө болсо да жөлөк пул чыгарып беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: