super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада чемпиону Алина Загитованын 1 бөлмөлүү батири интернетте кызуу талкууга алынды

 

Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиаданын чемпиону Алина Загитованын 1 бөлмөлүү батири интернетте кызуу талкууга алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, япониялык телеканалдын журналисттери 15 жаштагы Алина Загитованын үйүнө конокко барышкан. Чет элдик журналисттер Алина Загитова 1 бөлмөлүү батирде чоң апасы, сиңдиси Сабина жана мышыгы менен турарын тартып көрсөтүшкөн.

Видеодо көрүнүп тургандай, Загитова 15 жылдан ашуун убакыттан бери ремонт иштери жүргүзүлбөгөн батирди жана байгелерин уялбастан журналисттерге көрсөткөн. Репортажда кичинекей ашкана, бөлмөдөгү жалгыз шкаф жана ага батпай калып жерде жаткан кийимдерди көрүүгө да болот.

Бул көрүнүш интернет колдонуучулардын көз жаздымында калган эмес. Социалдык тармактарда жана ар кандай форумдарда интернет колдонуучулар "Олимпиаданын чемпиону эмне себептен мындай шарттарда жашайт?", "Алина Загитова жаңы батирге татыктуу", "Биздин өлкө чемпиондорун ушундай сыйлайт" деген билдирүүлөрдү жазып бул көрүнүштү кызуу талкууга алышкан.

Эске салсак, Алина Загитова Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште алтын медалды жеңип алган. Ал кыска программада 82.92 упайга ээ болуп, эркин программасын аткарып 156.65 упайга ээ болгон жана жалпы эсепте Загитова 239.57 упай менен 1-орунду ээлеген. Бул жетишкендиги үчүн Алина Загитовага Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев BMW X6 унаасын белекке берген.

Маалымдама: Алина Загитова 2002-жылы 18-майда Орусиянын Ижевск шаарында туулган. Атасы хоккей боюнча машыктыруучу, сиңдиси муз үстүндө бийчи. Алина муз үстүнө алгачкы жолу 4 жашында турган. 2008-2014-жылдары Ижевсктеги спорттук мектепте машыктыруучу Наталья Антипинанын жетекчилиги алдында тарбияланган. 2015-жылы Москвага барып, орусиянын мыкты машыктыруучусу Этери Тутберидзенин шакирти болот.

2016-жылы январь айында Алина Загитова алгачкы мелдешине катышат, анда Челябинск шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Орусиянын чемпиондугунда 9-орунду ээлеген. Август айында Францияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Гран-При мелдешинде 1-орунду ээлеп, октябрда Орусия кубогунун 3-этабын жеңсе, бир айдан кийин Орусия кубогунун 4-этабын жеңип алган. Декабрь айында кайрадан Францияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Гран-При мелдешин жеңип алып, муз үстүндө бийлөө боюнча Орусиянын биринчилигинде Евгения Медведевага жеңилип 2-орунга ээ болуп калган.

2017-жыл Алина Загитова үчүн абдан ийгиликтүү болгон, анда Загитова февраль айында өспүрүмдөр арасындагы Орусия биринчилигинде жеңишке жетишип, Түркияда өткөн Европанын өспүрүмдөр арасындагы олимпиадалык фестивалында жеңүүчү болгон. Март айында Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңип алат. Сентябрь, ноябрь жана декабрь айларында Италия, Кытай, Франция жана Японияда өткөн Гран-При мелдештеринде чемпиондукту камсыздап, декабрь айында Евгения Медведеваны жеңип Орусиянын чемпиону аталган.

2018-жылдын алгачкы айында эле Загитова Европа чемпиондугунда жеңишке жетип, февралда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык жарышта күмүш медалды жеңип, жеке жарышта алтын медалды багындырган.


кошулду





Муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнөлүк рекорд Алина Загитова

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
07.03.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
машинанын ордун акча берсе болмок экен
07.03.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kumarchik,айырмасы канча?сатса даяр акча да
07.03.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
beka1207, сатканга болбойт машинаны
08.03.2018. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
engel,Кай жерден уктун сатса болбойт деп сатып жатышат баарыле
07.03.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Машинанын ордуна квартира берсе болмок экен.
07.03.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчалай жалпысынан 13миллионго ээ болдуго. Машинадан тышкары Путин 5миллион акча тапшырып, ещё жашаган меценаттарды да белек тапшырышат дедиго.13миллион башталышы дештиго
07.03.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми эле чемпион болдуго,чемпион болгонго чейинки уйун тартып алышып ызы чуу кыла бербей кутуп турушсун жаш экен али келечеги алдыда.
07.03.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Коздогон максатка жетуу учун хан сарайда жашаш шарт эмес экенин далили. Чемпион болгондон кийин уйлорду эми алат да, болгону 15 жаштагы кыз да Алина. Келечеги кен болсун дагы да.
07.03.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат кыз экенсин дагы да болсо ийгиликке жете бер
07.03.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баарыңардын балдарыңар ийгилике жетсин
07.03.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
15 жашыбызда биз эмнеге жеттик эле? Сабак алыш керек бул секелек кыздан
07.03.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйууп калдым ушул кызды Кантип танышсам болот
07.03.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Adhambek,эртен сегизинчи март майрамы менен куттуктап [moderated]дан видео кайрылуу жаса суйом куйом олом номурунду бер дер
08.03.2018. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leilektik,)))))
08.03.2018. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"байгелерин уялбастан журналисттерге көрсөткөн"ушул жерине тушунбой калдым
08.03.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже 4 миллиондон сатып жатышат уткан машиналарын
08.03.2018. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Сагитова жалпысынан 20.5 млн рубль алды.Өкмөтөн 6,5 млн, Москва 6,5 Ижевск 2,5.BMX X6 5 млн руб.Ал үй жөн гана туулуп өскөн уясы.
Osh3015 түзөттү 2018-03-08 02:48:53
08.03.2018. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы кече Азия оюндарында биздин байгелуу оорундарды алган спортсмендерибизге.Машине наары турсун бир велосипед дагын беришпешиптир.Меним бир тууганым учунчу оорунду ээлеген эле.Ошого 5 мин сом беришиптир жана калпак менен чапан белек этишиптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: