ТЕСТ: 8-Марттын тарыхында калган урунттуу окуялардан кабарыңыз барбы? Өзүңүздү тесттен сынап көрүңүз
8-Март - Аялзатынын эл аралык майрамы 1911-жылдан тартып расмий түрдө дүйнөнүн булуң-бурчунда белгилене баштаган. Сиз бул датага байланыштуу кандай кызыктарды билесиз?
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Сирияда 8-Март кандай майрам деп белгиленет?
1963-жылы 8-мартта Сириянын бийлигин "Баас" социалисттик араб партиясы күч менен басып алган. Ошол жылдан тарта 8-март расмий түрдө Революция күнү деп белгиленип келет. Ал эми сириялыктар айымдарын 21-мартта, Энелер күнүндө куттукташат.
Кийинки суроо
Революция күнү
Энелер күнү
Эмгек күнү
Аялзаттын эл аралык майрамы алгач кандай аталган?
Эмансипация - айымдардын ар кандай көз карандылыктан баш тартуусу, үй-бүлөдө, коомдо жана иш жаатында мырзалар менен тең укуктуулукка ээ экенин билдирет. Ошондой эле билим алууга, добуш берүүгө, өзүнүн талапкерлигин коюуга жана эмгектенүүгө, айлык-акы алууга укуктуу. Дал ушундай талаптар менен 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктогу кыз-келиндер митингге чыгышкан.
Кийинки суроо
Бүткүл Дүйнөлүк айымдарды коргоо күнү
Феминизм жана эркектер менен тең укукка ээ болуу күнү
Эмансипация жана тең укуктуулук үчүн күрөшүү күнү
8-Мартта тартууланчу популярдуу гүл...
Жоогазын суукка, ысыкка да чыдамдуу топтогу гүлдөрдүн катарында болгондуктан, жаз келери менен гүлүн ача баштайт. Мындан улам 8-Март күнү жоогазынга болгон суроо-талап күчөп, популярдуу белекке айланат.
Кийинки суроо
Роза
Мимоза
Жоогазын
СССРде 8-Март дем алыш күн катары канчанчы жылы белгилене баштаган?
1965-жылы Жогорку Советтин буйругу менен СССРде 8-Март дем алыш күн катары кабыл алынган.
Кийинки суроо
1965-жылы
1947-жылы
1921-жылы
Совет мезгилинде 8-Мартка карата дүкөндө бул товарга арзандатуу болгон...
1925-жылы советтик гезиттердин бирине "Дүкөнгө бардык өлчөмдөгү жаңы көлөчтөр алып келинди. 6-8-март күндөрү арзандатуулар болот" деген жарнама чыккан.
Кийинки суроо
Ич кийим
Жоолук
Көлөч
2011-жылы кайсы өлкөнүн аялдары добуш берүүгө укук алган?
2011-жылы Сауд Арабияда жашаган аялдар добуш берүүгө жана талапкер болууга укук алышкан. Ал эми аялдардын добуш берүү укугун эң алгачкылардан болуп Жаңы Зеландия мамлекети (1893-жылы) кабыл алган.
Кийинки суроо
Түркия
Сауд Аравия
Израиль
Кайсы белгилүү ырчынын жолдошу дал ушул күнү сахнага чыгып, анын колун сураган?
2014-жылы 8-март күнү Айгерим Расул кызынын Оштогу концертинде жолдошу Азамат 7-8 жигиттин коштоосунда кучак толо роза гүлү менен сахнага чыгып, эл алдында колун сураган. Макулдугун бергенден кийин ырчыны колуна көтөрүп сахнадан чыгып кеткен. Учурда түгөйлөрдүн ортосунда кызы бар.
Кийинки суроо
Айгерим Расул кызы
Айпери Кубик кызы
Малика Дина
"8-Март майрамына жолдошум өз колу менен экөөбүздүн куурчактарыбызды жасап, белек кылды" деген актриса жана модель ким?
"Салам, Нью-Йорк!" тасмасында Эриканын ролун аткарган актриса, модель Аида Даниярова Аялзатынын эл аралык күнүндө жолдошу Азрет Данияровдон куурчак белекке алган. Бул белекти моделдин жолдошу өз колу менен жасаган.
Кийинки суроо
Аида Даниярова
Мээрим Төлепберген
Айкөл Аликжанова
Кыргыз өлкөсүнүн географиясында 8-Мартка байланыштуу аймак же көчө барбы?
Туура. Нарын облусунда 8-Март деген айыл бар.
Кийинки суроо
Жок
Болушу мүмкүн
Ооба
Сергей Дубровиндин аткаруусундагы "Ах, какая женщина" ырынын автору ким?
Чыгармадагы саптар орус акыны Татьяна Назаровага таандык. Ал өзү жазган чыгармасы тууралуу: "Кавказ жакка барып калганымда ал жактагы мырзалар "Вах, какая женщина, мне б такую!" деп мага көп тийишчү. Анан бир күнү ушул сөздү колдонуп ыр жазууну чечтим", - деген.
Кийинки суроо
Анатолий Розанов
Татьяна Назарова
Римма Казакова
Бул жандыкты Японияда чынчылдыктын жана берилгендиктин символу деп аташат...
Япониядагы иттердин акита-ину асыл тукуму делинген Хатико чынчылдыктын жана берилгендиктин символу болуп саналат. Бул жаныбар 1935-жылы 8-мартта каза болгон. Учурда ага арнап үч эстелик тургузулуп, 10 чактыдай көркөм тасма, 1 анимациялык тасма, 2 китеп жарык көргөн.
Кийинки суроо
Хатико
Мышык
Шумкар
1924-жылы 8-мартта Пишпекте ... салтанаттуу түрдө ачылган.
1924-жылы 8-мартта Пишпекте кыздардын кесиптик-техникалык мектеби салтанаттуу түрдө ачылган.
Кийинки суроо
Кыздардын кесиптик-техникалык мектеби
"Октябрь" кинотеатры
Эч нерсе ачылган эмес
Беларуста "8-Март" ишканасында эмне өндүрүлөт?
Беларуста ири ишканаларынын бири "8-Март". Аталган ишканадан трикотаж өндүрүлөт.
Кийинки суроо
Ундан жасалган азыктар
Бут кийим
Трикотаж
1914-жылы 8-мартта кайсы журналдын алгачкы саны жарыкка чыккан?
1914-жылы 8-мартта "Работница" журналынын биринчи саны жарыкка чыккан.
Кийинки суроо
"Коммунистка"
"Работница"
"Работница и крестьянка"
8-Марттын символу болгон түстөр кайсылар?
Сыя көк жана ак 8-Марттын негизги түстөрү болуп эсептелинет. Анткени бул түстөр аялзатынын пири болгон Венера планетасына таандык. Мындан улам дал ушул күнү кыз-келиндер сыя жана ак түстөгү лентаны тагынып, коомдук иш-чараларга катышат.
Кийинки суроо
Күлгүн кызыл жана ак
Сыя көк жана ак
Жашыл жана сары
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Ассалоому Алейкум Бүгүнкү Эл аралык 8-Март майрамы менен Дүйнөдөгү аял затын.Кыргыз жерибиздеги Энелердин Апалардын Эжелердин Карындаштардын ушул эле Супер-Инфонун талыкпай эл үчүн кызмат кылган айымдарын Супер-Инфого катталган кыз келиндерди майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сиздерге кааларым чын ден-соолук узуун өмүр бакыт таалай ар дайым аял заты эркектердин бактына маанайынар ачык болуп күлүп жайнап жүрө бериниздер. Дагын бир жолу бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Рахмат