super.kg logo

Өзгөндө жер көчкү басып калуу коркунучу бар аймакта жашагандарга чатырлар тигилүүдө

 

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жер көчкү басып калуу коркунучу бар аймакта жашагандарга чатырлар тигилүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, 6-мартта аталган айыл аймагындагы 4 айылга 155 чатыр тигилген. Бүгүн, 7-мартта дагы 70 чатыр тигилет.

Маалым болгондой, Зергер айыл аймагындагы жер жер көчкү басып калуу коркунучу бар айылдарды көчүрүү үчүн 225 чатыр бөлүнүп, Ничке-Сай айылына 50, Аюу айылына 55, Зергер айылына 40 жана Кайрат айылына 10 чатыр тигилип бүттү. Тигилип жаткан чатырлардын ар бири 5 адамга ылайыкташкан.

Белгилей кетсек, буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мекемелер аралык комиссиясынын жыйынында өлкө аймагында 4 миңден ашуун үй-бүлө жер көчкү басып калуу коркунучу бар аймактарда жашап жатканын айткан.

Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тез аранын ичинде тургундарды көчүрүү маселесин чечүүнү тапшырган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-апрелинде саат 07:00 чамасында Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Кырсыктын кесепетинен 24 адам жер көчкүнүн астында калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: