super.kg logo

Депутат Ак Үйдү көчүрүүгө каралган 5 гектар жер курчалып, белгисиз курулуш башталып кеткенин айтты

 

7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Бишкектин четиндеги 5 гектар жер курчалып, белгисиз курулуш башталып кеткенин айтты.

"Мен өкмөттүн өкүлүнө кайрылат элем. Бишкектеги Манас көчөсүнүн өйдө жагында резиденцияга кетип баратканда сол тарапта чоң участок Акаевдин, Бакиевдин убагынан бери кармалып келе жаткан. Тилекке каршы, мен эртең менен келе жатсам 5 гектар жер жабылып, ошол жерде курулуш башталыптыр. Бул өкмөттүк жол. Ошондуктан өкмөттүн өкүлүнөн депутат катары сурайм. Ошол жерди ким берди, кайсыл фирмага, эмне себептен берди, бюджетке канча акча түшкөнү боюнча маалымат бергиле.

Мен бул курулуштун токтотулушун талап кылам! Зарыл болсо депутаттык комиссия түзүп, ошол жердин келечегин изилдеп чыгышыбыз керек. Биз жер жок деп жатабыз. Ал жерден керек болсо элчиликтерге орун берели, президенттин өзүнүн отурган жери жок, ошол жактан жер берели. Ал жерге үй салып, базар наркында бюджетке тиешелүү акча болсо мен макулмун. Бул жерди парламент көзөмөлгө алалы", - деди Тиллаев.

Ал эми анын фракциялашы Мирлан Жээнчороев аталган участок убагында Ак Үйдү көчүрүүгө каралган тилке экенин айтты.

"Ошол айтылып жаткан жер, өз убагында резиденцияны, Ак Үйдү көчүрүп жаңы сала турган жер деп белгиленген болчу. Эмне себептен ал жерлер бүгүн талап-тонолуп жатат? Ушул жерлер боюнча малыматтарды мага да жибериңиздер", - деп Жээнчороев өкмөткө кайрылды.

Депутат Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") бул жер боюнча 14-март күнү боло турган Жогорку Кеңештин жыйынында күн тартибине киргизип, маалымат угууну сунуштады. Төрага Дастан Жумабеков депутаттын сунушу эске алынарын билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
07.03.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tuura ak uydu owol jakka kochurup koygulachy suranych biwkekte probkadan tajap buttuk
07.03.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак уй эле эмес борборду да башка жакка жылдыра турган денгелге келдик
07.03.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Борборду Ошко жылдырып койуш керек
07.03.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарын жылдыргыла...депутаттарды дагы .......ушул ак уйдун проблемасы бутпой койду го..байпакка окшой жыртылып
08.03.2018. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Борбор калааны Үч-Терекке Токтогул районуна которсо болмок жер кенен түндүк түштүктүн ортосу же Акталаа районуна
Jelezo түзөттү 2018-03-08 08:07:52
08.03.2018. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак үйдү Баткенге которгула.Ак үйдүн шылтоосу менен элдин жашоо шарты онолоор.
09.03.2018. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак үйдө мисалы депутаттар эмне кылышат же пайдасы тийбегенден кийин! Каяка көчүрсө деле ошол көрүнүш.
09.03.2018. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоюп эле салышса жепжутаттар!
09.03.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак үйдү көчүрөөрдө Кытайлыктарды алып келгиле, алардын тажыйрбасы чоң. ТЭЦти карагылачы маңкайып иштеп берди. 386 миллионго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: