super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бакиров юстиция министрине: "Жогорку Кеңешти, өкмөттү кыйнабай өзүңүз кызматтан кетүү чечимин кабыл алыңыз"

 

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар юстиция министри Уран Ахметовду мыйзамда кетирген каталары үчүн кызматтан кетүү боюнча ойлонуп көрүүгө чакырышты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров министрге кайрылып, аны өз алдынча кызматтан кетүү чечимин кабыл алууга чакырды.

"Сиз балким мыкты адиссиз. Бирок бүгүнкү күндө жалпы эле өкмөттүн юридикалык укук базалары боюнча суроолор болгондо толук кандуу жооп ала албай жатабыз. Жогорку Кеңешти, өкмөттү кыйнабай өзүңүз кызматтан кетүү чечимин кабыл алыңыз", - деди Бакиров.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Бакировдун сөзүн колдоду.

"Сиз биздин өлкөдөгү ишенген юристсиз. Биз ишенип отурсак, сиз болсо күнөөнү башка адамдан издеп жүрөсүз. Келечегиңиз дагы алдыда. Мен да сизге кызматтан кетүү боюнча ойлонуп көрүүнү сунуштайт элем", - деди Тиллаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: