super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: 68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон ырчы Зейнеп Шакеева 69 жашка чыкты

 

“Он сегиз жаш” аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева туулган. 1965-жылы июнь айында Бишкек шаарындагы азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында республикалык өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосунун жеңүүчүлөрүнүн корутунду концерти өткөн. Анда Чүйдүн Ысык-Ата районунун Киров айылынан келген 16 жашар Зейнеп Шаакеева обончу Аксуубай Атабаевдин "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен чоң сахнага кадам таштаган.

Ал эми 1966-жылы Зейнеп Шаакеева Кыргыз улуттук филармониясынын эл шайырлар тобуна кабыл алынган. Зейнеп Шаакееванын элдик ырчы аталышына, шыгынын жанышына, өркүндөшүнө залкар дирижёр Асанкан Жумакматовдун салымы чоң болгон. Ал ырчынын үнүнө, аткаруучулук чеберчилигине төп келген обондору, сөздөрү терең мазмундуу, эл жүрөгүнөн түнөк тапкандай ондогон ырларды иштеп чыккан. Ал өзү жетектеген Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда Зейнеп Шаакееваны ырдатып, калк алдына алып чыккан.
Шаакееванын тубаса ырчылык шыгы, аткаруучулук жүзү обончулар Үсөн Сыдыковдун “Кыргыз күүсү”, “Күн чыгышым”, “Сени ойлосом”, “Өзүңдү эстеп”, Бейшеке Жандаровдун “Жыпары белең баланын”, “Сагынга”, “Өкүнүч”, Аксуубай Атабаевдин “Таалайбек”, “Чагылган”, “Он сегиз жаш” аттуу махабат ырларын оркестрдин коштоосунда ырдап чыккан күндөн аткаруучулук чыгармачылыгы бажырая ачылып, угармандардын урматтоолоруна ээ болгон.

2017-жылдын 12-июлунда ырчы Зейнеп Шаакеевага Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган. Сыйлыкты Шаакеева президент Алмазбек Атамбаевдин колунан мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынан алган.

"Бул сыйлык берилеби, берилбейби деп үмүт үзүп койгон элем. Ошол үмүтүм үзүлгөн сыйлыкты аларымды уккандан бери куттуктагандар көп. Мындай буйрук чыкканга чейин эле эл бериш керек деп көп айтчу. Абдан кубанып, толкунданып турам. Президент менен жолугушуунун өзү мага чоң дем берет. Мектепте окуган кезимден тартып ырдап 1976-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наамга татыган элем. 41 жылдан кийин Кыргыз Эл артисти наамын алып жатам. Азыр 68 жаштамын ырдап эле жүрөм, дагы да ырдай берем", - деп билдирген ырчы.

Ырчы 2 уул, 3 кыздын апасы. Азыркы мезгилде 13 небереси, 2 чөбөрөсү бар.

8-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
09.03.2018. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжени Кыргыздын Эл артиси деп сыймыктануу менен айтса болот. Кээ бирөө бир эки ырды жакшы ырдап, клип тартып 2-3 жылда эмгеги сиңип же Эл артиси болуп кетишти. Наамдын баркы кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: