super.kg logo

Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду

 

Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-мартта саат 12:00дөр чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 378-чакырымында Кара-Көл шаарынын Сары-Булак айыл аймагы аркылуу өткөн бөлүгүндө катталган.

"Бишкек шаарынын 47 жаштагы М.К. аттуу тургуну Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай калып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада Honda Odyssey үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Аны менен чогуу унаанын ичинде 11 жаштагы кызы болгон, ал жаракат алган эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары жеңил унаадагы каза болгон адам кызы менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунан Бишкек шаарына, ал эми жүк ташуучу унаа Бишкек шаарынан Ош шаарына бара жатканын да кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.03.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучтуу. Жакындарына сабыр тилейм. Негизи айта кетчу нерсе, ушул кырсыктардын алдын ала иликтеген инсан барбы экен озу! Албетте баары АЛЛАХтан деп билебиз. Бирок кудай таала да сактанганды сактайт да. Мумкун чон жук ташуучу машиналарды озунчо жол менен журушот,же авия каттамдын жол акысын арзандатып ж.б Бир жолу бар да! Айта берсе...
08.03.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы кырсык, дагы өлүм, өкүнүчтүү
08.03.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын озу.Кыргызстанда айдоочулар аман эле болсунда.Казахстан,Россияда ким журсо салыштыргылачы кандай айрыма.Ат менен тоодой бизде уважение вообще жок эле эсе кимде кымбатыраак машина болсо жол ошонуку.Ошон учун баарынарды этиятыкка чакырам ар бир жаран озунон тартипти уваженияны башташ керек.ппсти коботкойн менен ме толк.жургон араба журоберет карапайым калкка эле кыйын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: