super.kg logo

Орусияда жок эле өлкөнүн атынан элчилик түзүп, жасалма документ саткандар кармалды

 
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жок эле өлкөнүн атынан элчилик түзүп, жасалма документтерди даярдап, сатып жүргөн 4 жаран кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар өздөрүн Кариб деңизиндеги аралдардын биринде жайгашкан ASPI аттуу эркин королдугунун өкүлчүгү катары тааныштырып келишкен. Алар 2015-жылдын январь айынан тарта Орусиянын аймагында жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүктөрдү даярдап, сатып келишкен. Кызмат акылары 15 миңден 100 миң рублга чейин бааланган.
Кармалган адамдардын 64 жаштагы жетекчиси өзүн ASPI эркин королдугунун элчиси катары тааныштырып келген.
Алардан жасалма документтерди Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан, Ооганстан өлкөлөрүнүн жарандары жана документтери жок мигранттар сатып алып жүрүшкөн.

Ошондой эле аталган маалыматта алардын батирлерин тинтүү учурунда жасалма документтерди жасоо үчүн колдонулган керектүү жабдыктар, азиат улутундагы белгисиз жарандардын сүрөттөрү, мөөр жана куралдар табылганы айтылат.

Андан сырткары, аталган "жок өлкөнүн элчилиги" Петербург шаарындагы соттордо бир нече жолу майда иштер боюнча алардын жасалма документтерин сатып алган адамдарды коргоого алганы да айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: