super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-МАРТ: Ага лейтенанттан дароо майорго көтөрүлгөн туңгуч космонавт Юрий Гагарин көзү тирүү болгондо 84 жашка чыкмак

 

Туңгуч космонавт Юрий Гагарин Смоленск облусунун Гжатск районунун Клушино деген айылында 1934-жылы 9-мартта туулган. 1951-жылы Люберцы шаарында кесипттик окуу жайын,1955-жылы Саратов курулуш техникумун аяктаган. Андан соң Чкалов атындагы аскер авиациялык окуу жайында окуган. Кийин Кызыл Туулуу Түндүк флотунун авиациялык бөлүктөрүндө кызмат кылган.

Тайманбас, таланттуу учкуч катары 1960-жылы космонавттар отрядына кабыл алынат. Юрий Гагарин 1961-жылы космодромго келип, ракетаны ааламга алып чыгуучу жабдуулар жана "Восток" космос корабли жасалган космодромдо толук сыноодон өтөт.

Башкы констуктор Сергей Павлович Королёв учууну 12-апрелде (Москва убактысы боюнча 9 саат 7 минутада) бекитүү жөнүндө мамлекеттик комиссиядан өтүнгөн. Комиссия "Восток" космос кораблинде биринчи болуп ага лейтенант Юрий Гагарин уча турганын жарыялаган. Космоско чыкканына 108 мүнөт болгондо космос корабли алдын ала болжонгон Сталинграддан 110 километр алыстыкта жайгашкан жерге конбостон, Саратов облусунда авариялык режимде конгон. Адамзатынан алгачкы космоско учуп барып келген адамды токойчунун Анна Акимова аттуу жубайы жана анын 6 жаштагы небереси тосуп алышкан. Ошентип ал күнү Юрий Гагарин космоско учуп, туңгуч космонавт катары адамзат тарыхында калган.

Космоско алгачкы жолу учкан адамдын атынан жаңы төрөлгөн наристелер аталып, мырзалар арасында учкучтукуна окшогон чач жасалгалар мода боло баштаган.

Космоско учуп барып келген күнү эле Сергей Хрушёвдун талабы менен ага лейтенант Гагаринге майор наамы ыйгарылган.

Космоско учуп барып келгенден кийин Гагарин дүйнөдөгү эң популярдуу адамдардын бирине айланган. 1961-жылы июль айында ал Англиянын ханышасы менен жолугуп, хан сарайдагыларды өзүнүн жөнөкөйлүгү жана бетке айткан мүнөзү менен суктандырган. Мындан сырткары учкуч көптөгөн өлкө башчылары жана саясатчылар менен жолуккан.Фидель Кастро жана Юрий Гагарин

Гагарин Кыргыз жергесине дагы келип эс алып кеткен. Ал Ысык-Көл облусунда жайгашкан Тамга жана Барскоон аймактарынын кооздугун айтып суктанган.

1968-жылы 27-мартта Гагарин окуу учурунда авиациялык аварияда каза болгон.

9-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
09.03.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул адамго биринчи жолу тобокел кылып космоско биринчи аман эсен барып келген. Бизде катчыдан дароо эле Ген.прокурор болгондор бар, катардагыдан дароо Министр МВД болгондор бар, бир жылда Генерал болгондор бар. Бул жагынан Кыргызстан биринчи орунда баратат, онугуп )
09.03.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шофёрдон президенттин кенешчиси болуп которулгондор бар Кыргызстанда
10.03.2018. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulya583,эң туура маалыматтар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: