super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-МАРТ: Комузчу Самара Токтакунова 73 жашка толду

 

СССРдин Эл артисти, комузчу Самара Токтакунова бүгүн, 9-мартта 73 жашка толду. Кыргыз улуттук филармонияда 57 жыл эмгектенген айым 1993-жылдан бери Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарды тарбиялап келет. SUPER.KG порталы комузчуну куттуктап байланышка чыгып, туулган күнүн кантип өткөрүп жатканына кызыгып көрдү.

"Паспортумда туулган күнүм туура эмес жазылып калгандыктан, адаштыргандар көп болот. Чынында туулган күнүм бүгүн. Апам "сени аялдардын майрамынын эртеси төрөгөм" деп калчу. СССРдин кишилери жоопкерчиликтүү болобуз. Азыр улуттук консерваторияга жумушка кетип бара жатам. Кечинде үйдө конок тосом. Уул-келиним, неберелерим, сиңдилерим, күйөө балдарым келишет. Кесиптештерим менен эртең майрамдайлы дедик", - дейт Токтакунова.

Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1960-жылы Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1963-жылдан баштап Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик элдик оркестрда, ал эми 1970-жылдан баштап Улуттук филармониянын солисти жана комузчусу болгон. Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарды тарбиялап келет.

9-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: