Китепкананын дубалына "мен өлгөндөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм" деп жазып кеткен адам студент кыз болуп чыкты
Ош шаарындагы облустук китепкананын дубалына "мен өлгөндөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм" деп жазып кеткен адам Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент кыз болуп чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан 9-мартта кабарлашты.
Маалым болгондой, кыздын мындай маанидеги сөздөрдү жазуусуна жеке каржылык маселеси түрткү болгон.
"Милиция кызматкерлери алгач кыздын өзү менен маектешип, андан соң ата-энесин чакырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ата-энесине кызы психологдордун жардамына муктаж экендиги айтылды. Алгачкы маалыматтарга караганда, анын мындай абалга келүүсүнѳ жеке каржылык маселелери себеп болгон", - дешти ШИИБден.
Эске салсак, буга чейин китепканын дубалына белгисиз адам "Салам, сен муну окуп жатканда мен жок болом. Менин өлүмүмдөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм. Биз бактылуубуз жана эркинбиз. Менин жашоом ушундай кыска болуп калганы өтө өкүнүчтүү" деп жазып кеткен. Мындан кийин Ош ШИИБинин ыкчам тергөө тобу китепканага барып, жазуулар боюнча тергөө иштерин жүргүзүп баштаган.
кошулду


Олгондун артынан олмок жок. Олсо озунун шору. Кээ бир адамдар ооруп ден соолук издеп журот, булар олумду тилеп журушот. Олуп калса эле маселеси чечилип калчудай журушот. Бир келген жашоодо ойноп кулуп жашап алыш керек. .
Олгондун жазасы - комгон. Болгону ошол. Жердин астында жатасын камалып. Тан калам ушуларга. БОМЖтар деле умут менен жашашат экен.
Эми баары бар. Адамда сабыр болуш керек.
Акчам жок деп өлүмдү эңсеген бул эрксиздик. Жашоонун кандай таттуу экенин билсе, жашайм дагы деп калат. Психологдор ушуну түшүндүрүп коюшса керек, назик формада.