Жалал-Абадда 2 күндө 26 мас айдоочу кармалды
Жалал-Абад облусунда 2 күндүк рейдде 26 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-8-март күндөрү Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү рейд өткөргөн. "Текшерүү учурунда жол эрежесин бузган 558 айдоочуга административдик протоколдор толтурулган. Анын 26сы мас абалында унаасын башкарса, 174ү катуу ылдамдыкта айдаган. Дагы 10у жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кетсе, 56сы унаасын туура эмес токтоткон. Калган 292си ар кандай майда эрежелерди бузган, айып аянтчасына 39 унаа токтотулган", - дейт Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Aima94

10.03.2018. 01:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рейд жүргүзүп правасын тартып алыш керек ичип айдашса. Согуштан да мынча адам өлгөн эмес 6млн дон 500 мини эле авариядан өлдү окшойт. Тебелеп кетет, сүзүп кетет. Сатып баарын эми кыргызстанды кырып бүткүлө
abon

10.03.2018. 07:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдоочулардын копчулугу жаштар. Россияда 1-2 жыл иштеп келип машина м.н кошо праваны сатып алышатта ана сага деп газды басат. Ар ким эмнени эксе ошону жыйат. 10 жылдан ашуун айдоочу болуп бирда эреже бузбай жургондор да бар!
omke.85

11.03.2018. 22:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп аттык жалан матиз тиколорду тозуп жатышты лексус крузактар учуп эле журушту 8-мартта
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.