super.kg logo

АКШнын Флорида штатында мугалимдерге мектепте курал алып жүрүүгө уруксат берилди

 

"АКШнын Флорида штатынын губернатору Рик Скотт курал колдонуунун эрежелерин катаалдаштырган мыйзамга кол койду. Анын алкагында бир катар мектептердин кызматкерлери мектепке курал алып барууга уруксат алды", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.

Анда жазылгандай, жаңы мыйзамга ылайык, ок атуучу куралдарды алып жүрүүчүлөрдүн минималдык жаш курагы 18ден 21 жашка жылдырылган. Ошондой эле билим берүү мекемелериндеги коопсуздук чараларын күчөтүлөт жана айрым мугалимдерге өздөрү менен кошо курал алып жүрүүгө уруксат берилет.

"Курал көтөрүүгө уруксат берилген мугалимдер үчүн атайын тренингдер өткөрүлөт. Мектептин жамааты кеңешип, мындай жаңы системден баш тартса да болот. Бирок ошол эле күнү Улуттук аткычтар ассоциациясы ок атуучу куралдарды сатып алууга карата жаш куракка чектөө киргизгендиги үчүн Флорида бийлигин сотко берген", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, ок атуучу куралдардын сатылышы жана билим берүү мекемелериндеги коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча талкуулар аталган штаттын Паркленд шаарындагы орто мектепте болгон окуядан кийин көтөрүлгөн. Анда ошол мектепти бүтүп кеткен 19 жаштагы Николас Круз аттуу өспүрүм бир нече окуучуну атып өлтүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.03.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нервный мугалим болуп калса , атып салбайбы балдарды?
10.03.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепте курал алып журсо окуучусу кандай тарбия алар экен . Аскердик окуу жай эмеско .
10.03.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле кылыптыр, тил албай кутурган балдарды башына эле атып салат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: