super.kg logo

Рак илдетинен улам бир көзүнөн, бетинин бир бөлүгүнөн ажыраган Баатыр Баназаровго биринчи операция ийгиликтүү жасалды

 

Рак илдетинен улам жаагынын бир жак бөлүгүнөн, бир көзүнөн айрылган Баатыр Баназаровго Индиянын Бангалор шаарындагы клиникада 1-операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG'ге бейтапты Индияга коштоп кеткен дарыгер Азамат Кошалиев билдирди.

Анын айтымында, бул операция Баназаровду дарылоонун алгачкы этабына кирет. Анда бейтапка криотерапия жүргүзүлгөн.

"Криотерапия деген бул рак клеткаларын тоңдуруу жолу менен бейтапты дарылоо. Операция жасалыптыр десе эле Баатыр аганын бети жамалып калыптыр деп түшүнбөш керек. Адегенде анын терисиндеги рак клеткаларын өлтүрүп, терини жеп кете бергенин токтотуу зарыл. Ошого биринчи процедура жүргүзүлдү. Албетте, көп жыл ооруп жүргөн адамдын иммунитети алсыз болуп калган, буга байланыштуу аны алгач операцияга даярдоо иштери жүргүзүлгөн", - деди Кошалиев.

Ошондой эле ал Баатыр Баназаровдун операцияны жакшы көтөргөнүн, учурда оорусу басылып, көңүлү ачылып калганын кошумчалады.

"Бетине криотерапия жасалгандан кийин биз кайрадан анализ тапшырдык. Эгерде рак клеткалары толугу менен тоңдурулуп өлбөгөн болсо кайрадан криотерапияга кошулуп химиятерапия жасалат. Качан гана рак клеткалары терини жегенди толугу менен токтоткондо, анын бетин жамоо ойлонуштурулат. Бирок бул абдан татаал операция, ал үчүн өзүнүн сан этинен кесилип алынат да жаагына салынат. Мындай операцияны көтөрүү үчүн адамдын организми ага даяр болуш керек. Андыктан биз Баатыр байкени бул жерде даярдасак көп убакыт кетет, өзүңүздөр билгендей чет элде 1 күн жүрүү да көп чыгымды талап кылат. Албетте, жердештер жардам берип, үйүндө жашап жатабыз. Бирок көпкө созуу ыңгайсыз. Ошондуктан мен Баатыр аганын ушул операциясынын жыйынтыгын билип, клеткалар толугу менен тоңгон болсо, балким, пластикалык операцияга даярдоону Кыргыз жеринде улантабыз жана ошол жактан эле жасоонун жолдорун караштырабыз деп ойлоп жатам", - деп кошумчалады дарыгер.

Ошондой эле ал 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келе жаткан Баатыр Баназаровду эрки күчтүү, чыдамдуу адам деп сыпаттады. Операция 4 саатка созулуп, 1 күндөн кийин ал жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган. Баатыр Баназаровду чет элдеги эң мыкты делген клиникада дарылоо үчүн буга чейин элден 9 миң 300 доллар каражат топтолгон. Учурда ал каражат ушуга чейин жүргүзүлгөн медициналык процесстерге жумшалган. Алдыда бейтапка жасалуучу эң жоопкерчиликтүү операциялар бар жана каражат топтоо улантылып жатат.

Ага жардам берүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822, Элсом 0700 265 295 Нурсултан Батыралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
10.03.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ылайым Алла насип кылып оор сыноодон чыгып кетсинчи.Алла шыпаасын берсин.Коштоп жургон азаматка Алла раазы болсун!
10.03.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алла жардам берсин ...эртерек толук сакайып кетсин омиин.
10.03.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kalpak.kg92,кудайга шек келтирбениз,кудайдын каарынан коркунуз!Баатырга кудайым уззун омур берсин!кудай деген кур калбайт!
10.03.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
kansuluu,
Динчилдер тушуно ишенет.
10.03.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987,Мен динчил деле эмесмин,болгону кудайдын бар экенине ишенуу керек.Сиз каапыр окшойсуз,дин тандоодон адашыпсыз!
10.03.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987,ичин куйсо Бир жериндди туруп олтурат сага орун жок
10.03.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Refiri87,олтура Бер дегеним
10.03.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Индияда кучтуу врачтар коп дешет. Ал жактан келгендер Кыргызстандан эле медициналык билим алып кетишет. Азыркы убакта деле индус студенттери коп го. Бул жактан ошончолук денгээлде билимди берип, анан кантип ошолор жасаган операцияны жасай алышпай.
10.03.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы. Индиялык врачтарга рахмат. Булар болбосо ким кылат эле. Индияда медицина илими абдан онуктуу. Бизде да онуктурсо жакшы болмок. Канчалаган адамдар Индия, Европа олколоруно кетип жатышат. Билимди онуктуруш керек. Билимдуу эл гана алдыга осот.
10.03.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бизде медицина окуу жайы күчтүү медиктер күчтүү бирок колдоо жок техника приборлор жок ошондуктан чет жакта жасаган операцияларды бизде жасай албайт эгер техника приборлор болсо биздин врачтарда жасай алышат
10.03.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
коштоп барган адамга алла куч кубат берсин ооруган адамды караш озу кыйын рахмат сага мекендешибиз батырак айыгып кетсин эч Ким оорубасынчы
10.03.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ma9,Мен да айтайын дедим эле коштоп барган байкеге чооон рахмат!Ар дайым бар болунуз.Сиздей байкелерибиз менен сыймыктанып улгу алабыз.Ал эми Баатыр байкебизге кудайым куч кубат берсин.Сакайып кетиниз.
10.03.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ADMINМосквада ким чогултуп жатат
10.03.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетсин. Аллах ден соолук берсин. Индустар бишкектен билим алат го. Кыргызстандын алы жетпейт оборудование алганы. Күчтүү врачтар көп го операция жасаганы кудурети жетет оборудование албай өмүр бою жүрө берели темселеп
10.03.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык
10.03.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шыпасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: