super.kg logo

Казармандагы алтын иштетүүчү комбинаттын иши чечилбей жатканына нааразы болгон эл кайрадан митингге чыгышты

 

Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмалалтынкен” комбинатынын жанындагы башкы подрядчик “Мега Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жаңы курулуп жаткан “ДжиЭл Макмал Девелопинг” алтынды кайрадан иштетүүчү комбинатынын курулушуна каршы нааразылык билдирип кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-мартта митингдин уюштуруучуларынын бири билдирди.

"Ушуну менен 5-ирет нааразычылык билдирип чыгып жатабыз. 7-февралда митингге чыкканыбызда "курулуш убактылуу токтотулсун" деген чечим чыккан. Ал чечим аткарылбагандыктан жергиликтүү эл 1-мартта ишкананын курулуш ишин токтотууга кайра талап койгонбуз. Облустук, райондук, жергиликтүү бийликтен эч кандай реакция болбогондуктан райондун эли 11 адамдан турган демилгелүү топ түзүп, республикалык деңгээлдеги тийиштүү мекемелерге кайрылгыла деп борборго жөнөткөнбүз. 11 делегаттын ичинен 6 адамды президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алып, нааразычылыкты уккан соң тийиштүү мекеме жетекчилерине ишти тапшырган. Ошол жетекчилер бүгүн Тогуз-Торого келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышты, бирок эл ага ынанган жок. Алар мекемелер аралык комиссия түзүлүп, зыяндуулугу аныкталса токтотулат деп айтышты. Бирок ал комиссия качан түзүлүп, ишин качан жыйынтыктап, элге толук маалымат качан берилерин айткан жок. Элдин "комбинат элге зыян, токтотулсун" деген гана талабы бар", - дейт митингдин уюштуруучулардын бири.

Эске салсак, Тогуз-Торо районунун тургундары салынып жаткан алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылып, элге зыяндуулугун белгилеп 2 айдан бери бир нече жолу митингге чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.03.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элге пайдасы тийбеген байлыкты ачпаганыбыз оң. Эртең мамлекетибиз өнүгүп кетсе өзүбүз ачып өзүбүз пайдалансак жакшы болот. Азыр Кытай АКШ казып бизге пайдасынан зыяны көп болуп жатат. Канча адам өлүп кетти канчасы камалды.....
10.03.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жабылсын комбинат!Макмалдын 32жылдан бери чыгарган уусу жетишет Казарманга!!!
12.03.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи башынан эле туура иштетишсе мындай абал болмок эмес, кыргызча жарайт деп жазай беришкенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: