Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндөгү жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери 1-июлга чейин бүтөт
Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Турусбеков көчөсүнө чейинки аралыгындагы жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери 1-июлга чейин бүтөт. Бишкек мэриясы кабарлагандай, учурда жылуулук түйүндөрүн оңдоо, калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатат. Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан көчөнүн бир бөлүгүндөгү жол кыймылы 12-июндан баштап жабылды. Мындан сырткары быйыл кытай грантынын алкагында Бөкөнбаев көчөсүн реконструкциялоо иштери башталат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















