Орусияда ачка балдарынын курсагын уурдалган тоок менен тойгузам деген эне 1 жылга эркинен ажыратылды
Орусиядагы көп балалуу эне балдарынын курсагын тойгузуу үчүн 5 тоок уурдап, эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон. Анда көп балалуу аял дарбаза аркылуу бейтааныш бирөөнүн короосуна кирип тоок уурдаган. Алардын ар биринин салмагы 6 килограммды түзүп, аны аял 350 рублга (421 сом) баалаган.
Бул кылмыштан кийин кармалган аял күнөөсүн моюнуна алган жана келтирген материалдык чыгашалардын бир бөлүгүн төлөп берген.
Ал сурак учурунда үйдө ачка отурган 4 баласынын курсагын тойгузуу үчүн уурулук кылганын, азык-түлүк сатып алууга каражаты жок экенин билдирген.
Учурда көп балалуу эне күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылгандыгы жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Туура. Бизде оорукчандарды парламентке жакындатпоо ж.до мыйзам киргизуу керек.