super.kg logo

Измирдеги мейманканадан чыккан өрттөн жабыркаган кыргыз кызына операция жасалды

 

Түркиянын Измир шаарындагы мейманканадан чыккан өрттөн жаракат алган М.Ж. аттуу кыргыз кызынын омурткасы сынып, ага аймактагы Тепежик илим-изилдөө госпиталында операция жасалды. Бул маалыматты Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, кырсык 8-март күнү "Алижан" деген мейманканада болгон. Өрт чыккан маалда кыздардын бири балкон аркылуу коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган. Бирок колу тайып, 5-кабаттан кулап түшкөн.

Өрттөн дагы бир чет элдик кыздын жабыркаганы айтылууда. Азырынча анын жарандыгы тактала элек. Маалыматка караганда эки кыздын тең Түркияда иштөөгө уруксаты болгон эмес. Эгер полиция алардын аталган мейманканада мыйзамсыз иштегенин аныктаса, кыздар депортацияланат.

Ал эми "Алижан" мейманканасындагы өрт 506-бөлмөдөн чыгып, башка бөлмөлөргө тез жайылып кеткен. Өрттүн негизги себеби катары телефон жарылып кетип, бөлмөдөгү пардалар, төшөктөр, пластик терезелер күйүп, тез эле алоолонуп кеткен. Бул маалыматты өрт чыккан бөлмөдө калган С.С. аттуу жаран билдирген. Ал нес абалында кантип секирип, сыртка чыкканын билбей калган.

Кошумчалай кетсек, аталган мейманкана 2015-жылдын 8-январында имараттын 5-кабатын дагы бөлмө кылып алган. Бирок эреже боюнча ага уруксат берилген эмес.

Учурда мейманкананын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду.






Измир шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн качам деп жатып жерге кулап кеткен кыз

Измир шаарындагы “Аликан” мейманканасында катталган өрт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
Медиа-портал
10.03.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
видиого таркандын ордуна куткарбайбы десен,жыргап карап тартып турбай
Медиа-портал
10.03.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коруп алып тообо кылдым кийин аркы дуйного барсак кылган кунообуз учун ушинтип куйуп жаткан отко тоссо кк ииий коркуп кеттим
Медиа-портал
10.03.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куткаруучулар пожарныйлар кайда жүрүшүшөт!
Медиа-портал
10.03.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карап турбай бир нерсе менен тосуп албайбы эркектери шалпыйбай
Медиа-портал
11.03.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Неужели куткарганга аракет кылышпайт ошол жердеги эркектер? Андай болбойсунго эгер бизде болгондо биздикилер карап турбайт эле..
11.03.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыргыз кыз айыгып кетсин,жыргаганынан барды дейсинерби,кор оокаттын айынан барды да Турцияга. Билип билбей сойку пойку дей бербей,дуба кылалы ошол жаракат алгандар айыгып кетсин деп
11.03.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кыргыз кызы экенин го билдик, ал мейманканада ким болуп иштеп же эмне кылып жургону жонундо маалымат берип койсонор.
11.03.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bond02,имени да ушул суроо кызыктырат.Кыздын ста энеси бар бекен.Бул кыздардын корунушуно карап мейманканада кандай жумуш жасап журду деген ой баарын туйшолтсо керек.Кыныр иш 40жылда ачылат дегендей Эми кыз ата энесинин алдында кантип актанар экен .Эмнеси болсо да алтын башы аман болсун.
11.03.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mira28,bilip bilbei jazbagila kunoosun kotorup,uwundai sozdordun baarin kirgizstan dan chikpagan damadar jazat
12.03.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirajsjk,ар Ким из ойун жазууга акысы бар.2-ден мен да чет жерде иштеген как эмгек менен акча тапкан кыздарданмын.Мейманканада кыргыз кыздары иштейт бирок жарым жыланач кийинип иштеген кызды корбогонмун.
11.03.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Измирде болду бул иш бийчи кыздар экен эле
11.03.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйналган адамды же болбосо кырсыктан олгон адамды телефонго тарткан адамдарга...
Эмне деп айтышымды билбейм
Айбанаттар арасындагы Эн мыкаачы журогу ошого чыдаган адамзат экенибизге кантейин
11.03.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын деле бир туугандары болсо керек. Неге жонотот ал жака? Кыздарды Кыргызстандан чыгарбаш керек озу!
11.03.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirlan_kdm,erkekter iwtep baksa chikpait elw wordu aial kizdaribiz.Sirttan kelgen akchalardin baarin 80%aialdar jonotot.Biz dele uido bala bagip oturgubuz kelet.
12.03.2018. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirajsjk, Иштешсе иштешсин бирок, ак эмгек менен иштесе болотко?! Коруп атасынго видеодон! Буга окшоп комускодо жургондор канча
11.03.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанагы ватсапта мактанып жаткан кыз эмес бекен деги. Турктор менен жыргап атам деген.
Медиа-портал
11.03.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кийген кийимдери мейманканада иштегенге окшобойт го. Же формасы ошондойбу..
Медиа-портал
13.03.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сактасын байкуш кыздын тушуп кеткени жаман болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: