super.kg logo

1 тонна 464 килограмм беш бармак менен 117 метрлик чучук "Гиннесстин рекорддор китебине" кирери же кирбеси 15 күндүн ичинде белгилүү болот

 

Бишкекте даярдалган 1 тонна 464 килограмм беш бармак менен 117 метрлик чучук "Гиннесстин рекорддор китебине" кирери же кирбеси 15 күндүн ичинде белгилүү болот. Бул тууралуу "Гиннесстин рекорддор китебинин" Кыргыздагы өкүлү Солтобек Болотбеков даярдалган азыктарды шаар тургундарына таратуу учурунда айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, мындай көлөмдөгү улуттук тамактарды даярдоо учурунан жана даярдалгандан кийинки көрүнүштөр сүрөткө, видеого тартылып алынган. Эми алар "Гиннесстин рекорддор китебине" сунушталат.

"Жиберилген материалдардын негизинде бизге жооп 10-15 күндүн ичинде келип калат. Биз даяр болгон беш бармакты атайын таразага тарттык. Анын салмагы 1 тонна 464 килограммды түздү", - деди Болотбеков.

Ал эми уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева беш бармактын салмагы 1464 килограммга жеткенин, чучуктун жалпы узундугу 117 метрди түзгөнүн кошумчалады.

"Беш бармак 2 тонна салмакка чейинки жүктү өлчөй ала турган атайын сатылып алынган таразага тартылган. Анда анын салмагы 1 тонна 464 килограммды түздү", - дейт Кулуева.

Буга чейин маалымдалгандай, баш калаадагы "Аю гранд комфорт" соода борборуна бүгүн, 11-мартта көптөгөн шаар тургундары топтолгон. Алар "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн даярдалган 1 тонна беш бармак менен 110 метрлик чучуктан ооз тийүү үчүн келишкен. Уюштуруучулар тарабынан келген тургундарга беш бармак, чучук, боорсоктор таратылды. Иш-чара концерттик программанын жана түрдүү азык-түлүктөрдүн жарманкесинин коштоосунда өттү.






Бишкекте даярдалган 110 метрлик чучукту көрсөтүштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(19)
11.03.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Камыры колго кесилгенби,жэ магазиндин лапшасыбы айтып койсонуздар
11.03.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Osh2017g,колго жасаган сүрөттөр турат.
11.03.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Osh2017g,ашканада жайылып жасалып аткандар не куймакка даярдарып атабы
11.03.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бекер берсе лом жут болтат тиги жакта элдер))
11.03.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактар рекорд койбосо болду эми, 1500кг жасашып.
11.03.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Гинес албаса да ушул куну Шаар Элин чогултуп тамак таратуу сооп иш.Чучук менен беш бармакты коптон бери жебеген адамдар деле бар.Карылар уйуно балдар уйуно да жетсе керек.Пейили кенен кыргыз эли.Уюштуруучуларга чон рахмат.Ийгилик.
11.03.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын беш бармагы менен чучугу кирсе кандай жакшы кирип калсын эми оомин
11.03.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уйуштурган адамдарга чоң рахмат айтам
11.03.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
На халяву уксус сладкий дегендей бекер тамак учун урушуп туртушуп жулкунбай алып жешсе экен. Дуйно эли карап турган сон маданияттуу болсок жакшы
11.03.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чучуктан бирди беш бармактан бир порция берип жибергиле гиннестин администрациясына.
11.03.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камыры лагмандыкындай го
11.03.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол жерде сүйүнчүлөдү эле го?
Гиннеске кирди деп.
11.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kasym_1,тептида чала угуп алып эле
11.03.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эми ошончо чыгым болду кирип калсын ин ша аллах
11.03.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Киргенде мне акча толонуп турабы же нее болот бул Рекорд гиннес же жон эле атыбы рекорд деген.
11.03.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayana16,угушумча 100 000 евро сыйлыгы бар. Анан улут учун коп эле жакшы жактары бар
11.03.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камыры жакты колго жайылган бирок эмне мн кести? Аябай соонун болуптур
12.03.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий Гиннес аканин рекорддор китебине кире элекби али да бешбармак.Эми алар жаныбарларды коргоо комитети 8 жылкыны союпсуңар деп жалаа жаппаса эле.Бирок жакшы ушунча болгон соң кирсин рекорд китапка.
12.03.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым эми Гинестер китебине киргенди насип этсинда ушунча аракетти текке кетирбей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: