super.kg logo

"Аймакта майып балдар көп төрөлө баштады" дешет Казарманда алтын ылгоочу комбинаттын иштөөсүнө каршы митингге чыккандар

 

Кечээ, 10-мартта Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмалалтынкен” комбинатынын жанындагы башкы подрядчик “Мега Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жаңы курулуп жаткан “ДжиЭл Макмал Девелопинг” алтынды кайрадан иштетүүчү комбинатынын курулушуна каршы нааразылык билдирип кайрадан митингге чыгышкан.

Анда комбинаттын ишке берилүүсү жергиликтүү тургундардын саламаттыгына зыян экендигин, кийинки мезгилдерде аймактын элинде оорулуулар көбөйгөнүн айтышкан.

"5-10 жыл мурдагыга караганда зыяндуулук байкала баштады. Биздин аймак тоолуу, таза абалуу аймакка киребиз, бизде түрдүү оорулар катталбашы керек эле. Мисалы, учурда жаш келиндер төрөй албай, төрөсө да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар төрөлүп жатат. 5-10 жыл мурун район боюнча майып төрөлгөн балдардын саны 3-4 эсеге өстү. Бишкектен келген тийиштүү адамдар зыяндуу, зыяндуу эместигин иликтеп, бир жообун айтабыз деп кетишти, бирок качан айтары белгисиз. Жакынкы күндөрү "жогору жак" бир жообун бербесе эл кайра көтөрүлөбүз дейт", - деди митингчилердин бири.

Эске салсак, Тогуз-Торо районунун тургундары салынып жаткан алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылып, элге зыяндуулугун белгилеп 2 айдан бери бир нече жолу митингге чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.03.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин Туулган кичи Мекеним Аман Болгула
11.03.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен макмал мектебинде окупкеткем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: