super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кореядан салган жүгүбүздү орто жолдон уурдап кетишти" дейт окурман

 

"Түштүк Кореяда окуп, иштеп, жашап жүргөн мекендештердин контейнер аркылуу Кыргыз өлкөсүнө жөнөткөн жүктөрү орто жолдон уурдалып, жетчү жерге жетпей калды" деген билдирүүнү окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.

"Уурулар 40 адамдын (мигранттын) буюмун уурдап кетишкен. Алар тер төгүп, бири жер алам, бири үй салам, бири бала багам, бири оорусунан айыгам деп жөнөтүшкөн да! Мен мисалы, оорулуу бир адамга жардам берүү үчүн косметика сатып, акча топтоп жаткам. Бизге жеткен маалыматтар боюнча жүктөр кыргыз-казак чек арасынан жоголгон. Мекендештердин мээнетин ким жеп жатат? Мен бул жолкусунда Кореядагы Кыргыз жерине жүк жеткирүү боюнча иш алып барган кыргыздар аркылуу жөнөткөм. Буга чейин да жүктөр орто жолдон көп жоголчу. Түштүк Кореяда каттарды, жүктөрдү жеткирүү кызматы ыкчам иштейт. Жоголуп кеткен жүк болбойт. Кыргыз өкмөтү бажы кызматчыларын текшерип, көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Себептерин, кимдин шалаакылыгы менен коробкалар ачылып, жоголуп жатканын текшерүүгө алышса дейм", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
12.03.2018. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биринчиден башка мамлекеттен киши аркылуу жүк берип жиберүү кооптуу экенин билип , анан жибердиңиз.
Почта аркылуу посылканы страховка кылып жиберсеңиз , жоголгон учурда почта төлөп берет. Ким төлөйт эми сиздин жоголгон товарларыңызды ?
Мен посылканы страховка кылып коем, бирок жоголо элек.
12.03.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Почтадан деле толобойт,биздин туугандарыбыздын кызы Европадан почта аркылуу ноутбук салып жибериптир айылдагы ата энесине. Бул жактан ачышса ичинде желим ботолколорду салып коюшуптур. Ноутбуктан эч нерсе жок. Почтадан салган,алар билбейьиз ушундай келген деп коюшкан
12.03.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,туура айтас [moderated]та видеоролик бар урдагы жононундо аэропортто почтада иштегендердин
12.03.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин мамлекетибиз алсыз анан Казак Озбектер кыса берет биз тарапты
12.03.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жоголгон нерселерди табыш оной эле, жукту кимден берип жиберген, ошол адамды суракка алуу керек. Суракка ала турган адамдар оздору ууру болсо, анда жук эч качан табылбайт.
12.03.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгеерки ууру кескин каракчылык заманында жашап аткандайбызда, тартип жок.
12.03.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арам тамак аш болбойт табылып калсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: