super.kg logo
  Саясат  

БШК: "Калмаматов, Салянова, Иминовдун ордуна депутат болуп келчү талапкерлер боюнча мамлекеттик органдар суроо-талаптардын жообун ушул аптада беришет"

 

"Жыргалбек Калмаматов, Аида Салянова, Фархат Иминовдун ордуна депутат болуп келчү талапкерлер боюнча мамлекеттик органдар суроо-талаптардын жообун ушул аптада беришет", - деп бүгүн, 12-мартта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК талапкерлердин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөткөн. "Мамлекеттик органдар суроо-талаптын жообун бере турган убакыт келди. Алар бир-эки күндүн ичинде жооп жөнөтүшөт. Андан кийин биз мандат берүү маселесин карайбыз", - деди Бекматов.

Белгилей кетсек, 3-мартта БШК Аида Салянова менен Фархат Иминовду мандатынан ажыраткан. 19-январда комиссия каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон.

Аида Салянованын ордуна Гүлнара Самат-Клара келиши мүмкүн. Анын мурдагы аты-жөнү Клара Кабилова. Жыргалбек Калмаматовдун ордуна Насыр Мусаевдин келиши күтүлүүдө. Ал эми Фархат Иминовдун мандаты Марлен Маматалиевге тапшырылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: