super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад облустук ооруканасына ооруп келген бейтаптар кезек күтүп да кыйналышат" дейт окурман

 

Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар бөлүмү саат 9:00дөн өтсө да бейтаптарды көрүүнү баштай элек. Бул тууралуу окурман бүгүн, 12-мартта "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирди.

Окурмандын айтымында, кезек күткөндөр өтө көп. Дайыма ушундай абал катталгандыктан тургундар эрте келип, кезекке турушат. Бирок ооруп жаткан балдар менен көпкө күтүү баарына түйшүк жаратат.

"20дан ашык балдар ооруп келген, кыйналып жатышат. Аларды көрүүгө кабыл алуу башталбай жатты, кийин дарыгерлер чогулуш болгонун айтышты. Чогулушту бейтаптарды кабыл алуу убактысында өткөрүү туурабы? Айта кетүүчү жагдай - тууган, тааныштарын кезексиз чакырып алып көргөндөр кыжырга тиет. Абалды жөнгө салууну тиешелүү тараптардан суранабыз", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Бул кабарга удаа эле дагы бир маалымат келип түштү. Анда да окурман Жалал-Абад облустук ооруканасындагы абалга нааразы экенин билдирген.

"Бардык бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акча төлөөгө бир эле касса иштейт. Анда бир эле киши отурат. Кезектин узундугунан коридорго адам батпай, бейтапкананын ичине кире албай калышты. Бул ооруп келгендер үчүн өтө ыңгайсыз", - деп тургун билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
12.03.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалалабаттын бардык эле ооруканаларында бул корунуш кыймылдаштары ото оор
12.03.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул корунуш жалалабатта эле эмес, кыргызстандын бут жеринде ушундай. Кайсы ооруканага барсан кезек кутмой.
12.03.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде оорукана жана башка ишканаларда бут эле кезек кутмой..мен бугун карасуу ГАИге бардым эле саат10до права бере турган адам келе элек деп кыжырга тийетго чиркин..
12.03.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыскача айтканда оорубай жүргүлө болуп калды негизи.
12.03.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Автор эң туура көйгөйдү көтөрүптүр. Кезек күткөндөн дагы орулууларга орой мамиле кылышат кагып-силкип.
12.03.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле больница гаи ашыкчасы менен алышат.праваны алганы барсам ременге 500бер дейт шашыпаттым эле берип кетебердим.озу 300ремендики 200пара алды тешип чыккыр.буларды онойчулук менен тешипда чыкпайт семирип стулга аран батат.
12.03.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lenin1870,200сомду ашыкча берген сен XXXX экенсин
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-13 09:42:50
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: