super.kg logo

Эмдөө борбору: "Балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны өсүүдө"

 

Балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эмдөөгө каршы болгондордун саны жыл сайын өсүүдө. "2016-жылы 4 миң ата-эне эмдөөдөн баш тартса, 2017-жылы алардын саны 7 миңге жеткен. Алардын 68 пайызы диний көз караштарга таянып жатышат. Бирок Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы эмдөөнүн балага эч кандай зыяны жоктугун билдирип келет. Ошого карабай туура эмес таратылган маалыматтарды окуп алышып "биз силдердин эмдөөңөргө ишенбейбиз, өзүбүздүн көз карашыбыз бар" деп эмдетпей жатышат. Эмдөө баланы ар кандай оорулардан алдын алууга жардам берет. Бул үчүн өкмөт жылына 83 миллион сом сарптоодо", - деди Гүлбара Ишенапысова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
12.03.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Оорудан дин сактабайт, дары сактайт. Койчусу коп болсо - кою арам олот болуп, молдодон коп неме жок, молдонун айтканын кылба.
12.03.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол вакциналар өзүбүздө өндүрүлүп 100 пайыз кепилдиги менен болсо каршы чыккандар азайса керек эле. Азыр биздин фармацевтика бизнес болуп калган. Ошол вакциналар да чет жактан келип жатат. Тажикстан бүгүнкү күндө бардык даары-дармекти өздөрү өндүрүп чыгуу үстүндө иштеп жатат. Эмнеге бизде андай кылышпайт? Мен дагы чет жактан жардамга деп келип, берилип жаткан эмдөөгө күмөнүм бар.
12.03.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Негизи прививка жонундо жалган маалымат тараткандар биздин ички душмандар. Кыргыз жаш балдарына оору тилегендер. Привикадан эч ким олбойт и олгон да эмес, болгону жаш балдарды микроптордон сактайт. Бизде динге жамынып алышып, элдин ден соолугун шарыят менен башкарам деп журушот окшойт.
12.03.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уколуңар арам деп эмдөөдөн өткөрбөй коюп таанышымдын баласы шал оору менен ооруп жатат. Врачтар айыкпайт дешиптир. Ошондо эмдетип койсом эмне деп зыркыраса жанына тура албайсың.
12.03.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алар эмдетпесе силерге пайда тушпой калат окшойт.Болбосо неге мынча кайталап эле атасынар эмдетпегендерди?Ар ким озу кыйналып торойт озу билет озунун баласын. Врач катары айткыла макул бирок кайталап эле айта бергенден не пайда? Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт дейт.Азыркы кезде прививка жакшы эмес экенин билгендер айтып атышатда. Илгеркидей болбой атат деп.Аллах омурун берсе чонойотда.Дуйнодогу баардык врачтар келседа жыйналып Аллах сактабаса алар сактай албайт
12.03.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмдоого мен каршымын, себеби оорубаган балага, оорууну атайын эмдетип, жок ооруну баланын денесине киргизип коюштун кереги жок. Ким кепилдик бере алат, эмделген балдар оорубайт деп.Эмделген балдар дагы ооруп жатканын коруп эле журобуз.
12.03.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин врачтар аман эле болсунда. Санаториялардын биринде бир эмвейде иштеген кызматкер келип, мед айым жазып берген таблеткаларды козунчо эле жамандап кеткен. Тиги унчукпай эле туруп берген анан кантип ишенесин ушуларга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: