super.kg logo

Бишкекте жардырууну уюштурууну көздөгөн жаран кармалды

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жардырууну уюштурууну көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнүн аймагына террордук акцияларды даярдоо максатында кирүү каналдарына бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан террорчулукка каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык уюмдардын лагеринде атайын даярдыктан өткөн С.Ж. аттуу Кыргыз мамлекетинин жараны колго түшүрүлгөн. Кармалган жаран эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы боюнча колго жасалган жардыруу түзүмдөрдү пайдалануу менен жардырууну максат кылганы аныкталган.

Кармалган жаранга террордук актыны даярдоо, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу жана экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, жайылтуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: