super.kg logo

Токмокто жаңы төрөгөн келин күйүк алды: Дарыгерлер анын буттарын кайнак суу куюлган бөтөлкө менен жылытышкан

 

Токмоктогу аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн келиндин 2 буту күйүп калды. Бул тууралуу социалдык тармактын Нури Түлеева аттуу колдонуучусу жазды. Анын билдирүүсүнө ылайык, келиндин буттары жылытуу үчүн коюлган желим бөтөлкөдөгү ысык сууга күйгөн жана ал бөтөлкөнү медицина кызматкерлери коюшкан.

"Бир ай мурун кайын сиңдим Токмоктогу төрөт үйүнөн кесарево жолу менен төрөгөн. Операция жакшы болду. Аны жандандыруу бөлүмүнөн палатага чыгаргандан кийин бутун жылытуу үчүн желим бөтөлкөгө ысык суу куюп, буттарынын ортосуна коюшкан. Бирок аны дарыгерлер унутуп калышкандыктан, эки буту күйүп калган. Эне наркоздон ойгоно элек болгондуктан бутунун күйүп калгандыгын сезген эмес. Мындан улам ал терең күйүк алып, ооруканада өз алдынча баса албай жатат", - деп жазган Түлеева.

Токмок аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаева бул окуя боюнча медайым менен дарыгерге сөгүш берилгенин SUPER.KG'ге билдирди.

"Бул окуя февраль айында катталган. 25 жаштагы келин кесарево жолу менен төрөгөн. Ал операциядан палатага которулганда чыйрыгып үшүгөндүктөн дарыгер бутун жылытуу үчүн желим бөтөлкөгө ысык суу куюп, аны шейшепке ороп бутуна койгон экен. Андан соң дарыгер менен медайым кийинки төрөткө кирип кетишкен. Алар төрөттү кабыл алып чыкканча ал келиндин эки буту күйүп калыптыр. Биз ошол замат травматологду чакыртып, тийиштүү чараларды колдонгонбуз. Учурда бейтап Бишкек шаардык №4-ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми төрөткананын медайымы менен дарыгери бейтаптан кабар алышууда. Дары-дармегине 30 миң сомдой да акча беришти. Келиндин жолдошу үчүнчү жолу келип акча сураганда биз анда бул ишти сот аркылуу чечели дедик", - дейт Исаева.

Исаева буту күйгөн келин ушул жуманын аягында үйүнө чыгарыла турганын, анын күйүгү жеңил экенин кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(23)
12.03.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ээх кээ бир орууканаларда мед сестралардын шалакалыгынан ,бул дуйнодон кош айтып кеткендери да кездешип атат.
12.03.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Байкуш келин,женил эместей куйугу. Ушу медиктердин шалаакылыгы кечирилгис,Дагы бироону чала майып кылыптыр.
12.03.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бөтөлкөнү шейшеп мн орогон эмес,оросо мынча күйбөйт эле.Шалактаган шалаакылар сүйүнчүнүн артынан түшүп алышкан да.
12.03.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Иий байкуш озу операция болгон жери деле оной мн сакайбайт,буту куйгону дагы ашыкча болуптур. Эртерек сакайып кетсин
12.03.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жардам берем деп , жаман атты болушат . Эгер чет олкодогудой ар бир палатага бирден мед айым берсе бир жон , биздин мед айымдар колу буту жерге тийбей кечке ары бери чуркашат . Медиктер деле сиздерге окшогон адамдар , бирде жанылат бирде адашат , башкалардан айырмасы ден соолук менен иштешет . Байып , кобуп кеткенин шалакылык кылбайт , чарчаганынан жанылышат .
12.03.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Галдирлар
12.03.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындай медайым акушерлерди дипломсуз калтыруу керек. Бизде мед ж.а акушерлер кооп жумушка кирууго акча талап кылышат ошого оз кесиби менен иштебейт
12.03.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айбандар!
12.03.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде мода согуш бермей кетириш кк дагы жазага тартыш кк статья каралган.Согуш мн чектелбей акча мн буткон шалаакылар окшойт уялбай согуш бердик деп
12.03.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул корунуш врачтардын кайдыгер болгондугунда!
Эмнеге медсестра, врачтарды ар кайсы жерге аралаштырышат.
Операционный палатада иштеген медсестра озунчо,
операциядан чыккандан кийин палатада эне баланы караган медсестралар башка болуш керек.
Бейтапты наркоздон ойготпой туруп жалгыз таштап койгон бул кылмыш, анткени бейтап жаткан палатный медсетра откозуп алган эмес!
Башка олкону карагылачы, биринен бири откозуп алып, куну туну карашат.
астындагы шейшебин алма
12.03.2018. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне деген шалаакылык.соз жок.
12.03.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Наркоздон ойгоно элек болсо, үшүп- чыйрыкканын кайдан билишти?.. Макул, таманына бутылка коюп коюшуптур, ал эми саны эмне болуп күйгөн?.. Түшүнүксүз
12.03.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой тобоо кылдым суу эмес эле кислота тогуп ийишкенби не бале.согуш эмес камаш керек буларды.после операция эч жалгыз таштабаш керек жок дегенде жолдошу жанында болуш керек элего.кесероводо жолдошу болотго жанында.эмне учун жакын адамдары болгон эмес.окунучтуу и табышмактуу и тушунуксуз.
12.03.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым шыпасын берип бат жакшы болуп кетсин.унутуп калган врач медсестраларга акыл эс тутум берсин унутчаак врачтарга эс акыл ой берсин.адамдын омуру ойунчук болуп калды бул шалакыларга.
13.03.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы мас болуп алышкан го.Шумшуктор...
13.03.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
артык кылам деп тыртык кылышыптырда
13.03.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ иштейт Кыргызстанда
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-13 09:23:29
13.03.2018. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй булар мал доктурго э
13.03.2018. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге мындайларды,сразу иштен кетирбейт.дагы согуш берди деп мактанып койот.
13.03.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы Москвада кесерова болдум.Бирок бир палатада учообуз жаттык ,жаны операция болгон бир Медсестра келип тынбааай карап ,даже ар бирибизге сууларыбызды ичирип тез-тез кабар алып турду.Москванын четки бир шаарында тородум.Ошол медсестранын айлыгын сурасам коп деле албайт экен.Бирок карагыла кандай жооопкерчиликтууу.
13.03.2018. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куесу 3жолу акча сурап келгенде,сот аркылуу чечели дедик дейт.бул эмне тоготпогондукпу,колунардан келгенин кылгыла дегениби??????бул эмне деген отношение башка адамдын ден соолугу эмне оюнчукпу???? статья менен айдаш керек.после операции реанимационный палатага жаткырат ал жерде обязательно реанимационная медсестра болуш керек,ал эмне эшек такалап отурдубу.бир тамчы кайнак суу тамса парсанак болуп кандай оорутат.
13.03.2018. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйугу женил эмес оор эле экен кыйла эле куйгон окшой шаалакылар больницадагылар
13.03.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттош керек согуш бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: