Ошто 36 жаштагы аял үч эм төрөп, экөө чарчап калды. Үчүнчүсү оор абалда
Ош облустар аралык клиникасынын төрөт бөлүмүндө 36 жаштагы аял үч эм төрөп, бирок экөө чарчап калды. Үчүнчүсүнүн абалы да оор болуп жатканын SUPER.KG'ге бүгүн, 12-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады. Үч эм 8-мартта төрөлүп, экөө уул, бирөө кыз болчу.
Биринин салмагы 1 килограмм 32 грамм, боюнун узундугу 38 сантиметр (уул), экинчиси 1 килограмм 29 грамм, боюнун узундугу 34 сантиметр (кыз), үчүнчүсү 960 грамм, боюнун узундугу 26 сантиметр (уул) болгон.
"Ымыркайлар 29 жумалык болуп ай күнүнө жетпей төрөлгөн. Биринчиси 11-март күнү саат 23:35 чамаларында, экинчиси 12-март күнү түнкү саат 1:40 чамаларында чарчап калды. 960 грамм болуп төрөлгөн ымыркайдын абалы оор болуп жаткандыктан жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Ал эми эненин абалы канааттандырарлык", - деди Айгерчинова.


1- кудайга унутчаактык сыпат жок, ал баардык айыптардан таза.
2- кудайым бере турган нерсени ашыгы менен берген бизге.
Козубуздун коргону эле кандай белек,башкасын айтпай эле коёлук.
урматтуу кыргыз калкым ушул " кудайым берерин унутпасын" деген созду озубуз унуталыкчы!