super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-МАРТ: Орусиялык ырчы Алексей Чумаков 37 жашка толду

 

Орусиялык ырчы Алексей Чумаков 1981-жылы 12-мартта Өзбекстандын Самарканд шаарында туулган. Ал 11 жашынан тартып өзү жазган ырларды ырдап, сахнага чыга баштаган. Эң алгачкы ыры менен Самаркандда өткөн "Таңкы жылдыз" сынагына катышып, биринчиликти алган.

Тукум кууган өнөр Чумаковдо да бар. Анын чоң атасы Самарканддын мыкты архитектору болсо, атасы сүрөтчү болгон. Алексей да мыкты пейзаждарды тартат. Ал кичинесинен эле өз алдынча акча тапканды сүйгөндүгүн айтып келет. Мындан улам, бирде Самарканд шаарынын базарларында жер-жемиш сатуу менен алектенсе, бирде тойлордо ырдап акча тапкан.

Бүткүл Орусияга ырчынын атагы 2003-жылы "Эл артисти" долбооруна катышып, үчүнчү орунду ээлегенден кийин тараган. Ошондон тартып көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Ал "Эти чёрные глаза", "Параллельно", "Было и будет", "Необыкновенная", "Тут и там", "Если ты меня разлюбишь" сыяктуу хит ырлардын автору жана аткаруучусу.

Ырчы 6 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн “Блестящие” тобунун экс-солисти Юлия Ковальчук менен 2013-жылы баш кошкон. Алгач чогуу жашай турганын жашырышканы менен, бири таштанды төгүп, экинчиси кир жайып жаткан сүрөттөр тез эле интернет булактарында пайда болгон. Ушундан улам экөө ачыкка чыгууга аргасыз болушкан. Түгөйлөр өткөн жылдын октябрь айында кыздуу болушкан.
12-марттын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: