Бишкектин чоң көчөлөрүнүн бирин "7-апрель" деп атоо сунушталды. Демилгечилердин бири - Мээрбек Мискенбаев
Көчөнүн учурдагы аталыштары
Көчөнүн учурдагы аталыштары
Сунушталып жаткан долбоор боюнча ушундай өзгөрүү кириши мүмкүн
Бишкек мэриясы Чүй кең көчөсүнүн атын өзгөртүүнү сунуштоодо. Токтомдун долбоору коомчулуктун талкуусуна чыгарылды.
Маалыматка караганда, долбоордо 2 сунуш көрсөтүлгөн:
1) Шабдан Баатыр көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн тартып, Бишкектин түштүк чек арасына чейинки бөлүгүн "7-апрель" деп атоо;
2) Чүй кең көчөсүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр проспектиси деп өзгөртүү.
Бул сунуш 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан.
Көчөнүн атын өзгөртүү сунушун көтөрүп чыккандардын бири Мээрбек МискенбаевSUPER.KG порталына өз оюн билдирип, бул сунуш 7-апрелдин атын өчүрбөй сактап калуу максатында көтөрүлгөнүн айтат.
"2010-жылы 7-апрель күнү канчалаган жигиттерибиз кайтыш болду, ошолор ушул Шабдан баатыр көчөсү менен өтүп кайра артка кайтпай калышты. Ошол жигиттер өмүрүнүн акыркы сааттарында ушул көчө менен эркиндик деп басып өтүшкөн. Ошол себептен 7-апрель деп өзгөрсө жакшы болмок. Бул демилгени көптөн бери көтөрүп келе жатабыз, өзгөрүп калса жакшы иш болмок", - дейт Мискенбаев.
кошулду
Автор: Бекболсун Молдояр уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Тообоо,7-апрель кочосу деп,анан дагы революция болуп кетсе дагы башка деп озгортуп эле отура беребизби, бул депутаттын андан башкага мээси деле жетпейт окшойт. Андан башка проблема жокпу? Кочонун атын мамлекетке эмгеги синген адамдын атына коёт да, 7-апрель, 10-июнь, 24-март деп эле келесоолорго окшоп атай беребизби баш аламан. Болбойт андай. Эптеп эле депутат болуп журот ушул Мискенбаев уялбай,мамлекетти онуктуруу боюнча бир да олуттуу сунушу жок.
Ушуга окшогон маданиятсыз билимсиз,адамдар мекенибизди башкарып сөздөрү өтүп,ушулар айтты ушулар деди деп өзүбүздү өзүбүз басынткан мезгилде жашап жатканыбызга аябай өкүнөм. 7-апрелде эмне болдуле? Анчалык ойго тоого көчөгө чейин койдургудай эмне тиги өздөрүн баатыр санагандар жоодон мекенибизди коргоду беле? Бул күн бир ууч жеп ичеер,төбөбүздөн күлүп басмырлап,сатчусун сатып байлыгыбызды сапырган адамдар үчүн максатарына жеткен күн!!! Акыры кудай бар эсептешчү булар менен,ал күн алыс эместир.
stimyl.kg, Эн туура айттын. 7 апрель Кыргыз эли мекен учун окко учкандардын куну эмес, бийлик талашкандардын курман болгону эсте калган кун. Ошто чон кыргын болду ушул ХХХХ айынан, булар убактылуу окмот баары созсуз жооп беретурган кун келет.
Мээрбек жолдун атын озгорткончо ошол сарпталган акчага жолдогу жоо отмокторду сырдап жол чырактарды (светафорлорду) орнотсон. Мына сага пайдалуу жана сооптуу жумуш. "Жолдун атын озготкон м.н келечеке жол ача албайбыз"
Aza17,туура айттыңыз,жолдун атын өзгөртсөм укмуш болуп кетем деп элестетет окшойт.Андангору Бишкектин уңкур чуңкур жолдорун оңдосоңор элге да пайда өзүңөргө да сооп болот жол оңдогон.Мискенбаев 7-апрель деген образдан чыгалбай койду го башка проблемаларга башы жетеби өзү мунун.Чек араны чечип бересизби эгер колдон келсе,ошондо зор иш болмок.
7-апрелчилер тойгоздуңар ушу. Кыйратып жумуш кылгансып! Эмнеге Ош коогалаңында өлгөндөрдү эстебейсиңер??? ДачаСУда учак кулаганда өлгөндөрдү эстебейсиңер?! Эмнеге Москвада өрттөнгөн кыз-келиндерди эстебейсиңер??? Силерге бийлик алып келип бергендерди гана эстеп эки жүздүү болгонуңар туура эмес!!!
Чүй көчөсүн 7-апрель деп өзгөрткөндө эле заманыбыз оңолуп же ошондо курман болгон азаматтарыбызга бир пайдасы тийсе бир жөн. Ошого корототурган акчаны толтура жолдорубуш тешилип жыртык болуп турат ошолордү бүтөөгө жумшагыла. Бир пайдалуурак иш кылгылачы бай болгурлар. Атың чыкпаса жер өрттө кыла бербей. Бул бала өмүрү өткүчө 7-апрельди бетине кармап өтөт окшойт. Же элибизде 7-апрельден кийин бир нерсе өзгөрсө бир жөн
Көчөгө 7 апрел десенер кутулбайсынар мамлекеттин деңгээлин көтөргүлө.элдин көйгөйлөрүн чечкиле ошондо раазы болот шейиит кеткендер.ага чейин мискенбаев чекеңеле жазып ал
Мискенбаевтин башка кыларга иши жоокпу андан коро иштебеген светафорлорду пешеходко откон жолдорго конул бурбайбы канчалага карапайым эл кырылып атат авриялардан боло турган элге пайдасы тие турган жумуштарды сунуштаса жакшы болмок
"Жолдун атын озготкон м.н келечеке жол ача албайбыз"