super.kg logo

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин Түз эфиринде "Тамашоунун" "No name" жана "Универсал" командалары конокто болот

 

SUPER.KG` порталынын Түз эфиринин маек төрүндө миллиондогон элдин боорун эзген "Тамашоунун" каймактары "No name" жана "Универсал" командаларынын жигиттери болмокчу.

"No name" командасы "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун финалдык оюнунда чемпиондук кубокту жеңип кеткен.

Команданын түптөөчүсү Мурат Жалиев: "Студент кезде факультеттер аралык сынак болгон. Мага кемпирдин ролун жаратасың дегенде көнбөй койгом. Ошондо агайыбыз "эгер мыкты аткарсаң, зачёт коюп берем" деген. Анын сабагын жакшы билчү эмесмин, аргасыздан кемпирди туураганга туура келген. Мен чыксам эле элдин баары каткырып калышты. Ошондон баштап окуу жайлар, факультеттер аралык КВНдерге катыша баштагам. Анан мен, Кадыр, Эмил болуп окуу жайдын курама командасын түзүп, "Тамашоуго" келип калганбыз", - деген.

Ал эми команданын дагы бир көзгө басар оюнчусу Кадыр Жарматов: "Мен кедейдин үй-бүлөсүндө кышында көмүр жок мезгилде төрөлгөм. 8 бир туугандын алтынчысымын, 5 кыз, 3 эркекпиз. Чындыгында эле жокчулуктун айынан мектепте окуганга чейин эжелеримдин көйнөктөрүн кийип чоңойгом. Агамдын кийими мага чоң, анан байкуш апам эжелеримдин көйнөктөрүн кийгизип "бар эми, эшикке ойно" деп чыгарып ийчү. А мен "ыңгайлуу экен" деп отура калып заара кылып, чуркап жүрө берчүмүн", - дегени бар.

"Универсал" командасы "Тамашоу" Лигасынын 8-сезонунун чемпиону, SUPER.KG` порталынын Кубогунун, 2016-2017-жылкы "Ак калпак" кубогунун 2 жолку ээси.

Команданын капитаны Калыбек Турдубаев 1 жолу "Мыкты оюнчу" деп табылып, "Супер сулуу" менен Бали аралына барып эс алып келген. Ал эми Садык Нышанбай уулу 2 жолу "Мыкты оюнчу" деп табылган. Мындан тышкары командада Таирбек Исманалиев жана Актилек Бекташев аттуу мыкты оюнчулар бар.

"Биз убагында "No name" командасынын күйөрмандары болчубуз. Ошолорду ээрчип жүрүп, алар жол көрсөтүп "Тамашоуго" келгенбиз. Ачыгын айтсам, бизге караганда алардын "базары" чоңураак. Биздин өзүбүздүн күйөрмандарыбыз бар, өзүбүздүн той-топур, концерттерибиз менен жүрөбүз. Азырынча атаандаштык жок, болсок кийинчерээк болуп калаттырбыз. Эгер андай болсо да, биз жол бошотуп беребиз", - деп билдирген Калыбек Турдубаев.

Күлкү жаратуучуларга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.


кошулду





"No name" жана "Универсал" 14-мартта саат 15:00дө SUPER.KG`нин түз эфиринде

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(19)
12.03.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурат карызды качан бересин
13.03.2018. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы супер инфо жана тамашоучулар! Но неймге суроо кечээ 11 Кайрат нуртас менен москвага келдинер баары жакшы болуп аягында Кайратты жетим баладай кылып жакшы элдин коштоосунда кетирбей койгонунар өкүндүрөт. Алып баруучу болгон сон ушундай сонун ырчыны баркын кетирбей жакшы узатып койсонор болмок! Мурат сен такыр эле Кадырга соз бербей анын кадырын ткшүрбөчү бир жакшынакай сүйлөп жатса деле бузуп сөзүн. Оозунан сөзүн жуласын это не красиво. Этиканы да билиш керек .
13.03.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aima94,эми ар ким өзүнүн жумуштары менен кетти да ал жерде мен да бар болчум
14.03.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stepboy,Мен өз оюуму айттым сиз ал жерде болсонуз жакшы. Концерт жактыбы?
14.03.2018. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aima94,ооба жакшы болду нонейм өллө күлдүрдү Кайрат чыкканда кыздар өлүп алайын деди окшойт (тамаша ) жакшы болду
13.03.2018. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Универсал силерге сөз жок талантынарга! Ийгилик. Анекдот же тамаша ойноп берип койгулачы сураныч
13.03.2018. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң соонун команда
13.03.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оштогу корпоративдерде коруп эле журобуз.Лотерея ойнотушуп "акча" дегенде бети менен тушушот.
13.03.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул пацандарга суроом жок экен
14.03.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rasul94, ии капырай десе эми сен суроо бербесен ал байкуштар кантишет эми? Кокуй кучугум десе кой эми суроо табакой бир демке кылып!
14.03.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Садык качан уйлоносун э досум?
14.03.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын ичинен эң кыйыны Садык.
Нак куудул ошол.
14.03.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыка суроо.Неге дайым баракчана туура эмес жазасын же атайын жазасынбы?
14.03.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
акча табуу максатында эле ар жерде "Апенди" болуп эле журушот оздорун кыстап.Коргондор айткыла Оштогу корперативдерде нагло эле акча жасашат.Айрыкча Мурат апендиси быдылдап эле акча дегенде бети менен тушот.
14.03.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emilzima,Сен эмне акчаны жаман коросунбу чырагым? Кыргызстанда эн жакшы адам сен окшойсун.Сен апенди болуп корчу сени ким чакырат экен.Ит дагы чакырбаса керек деймда.
14.03.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер Инфо ушуларды чакырбай эле койбопсунар да.Ишенбесенер Оштуктардан опрос кылып коргуло.
14.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emilzima, опрос кылганынар туура, коп эле адамдарга жакпайт да атаат дегени. Кичине той-топурга барганда кары-жашы, улуу-кичуу бар дегендей саал серезныйраак, анан орду менен суйлогулочу айланайындар, айрыкча Мурат. Тамашоуну чындап ушулар чыкканда корбой койгон жакшы эптеп-септеп эле чыгышат да.
Бул сын, туура кабыл алгыла макулбу. Сын менен онуккуло, акча эле дебестен аракет кылгыла...
14.03.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы Супер Инфо ! Менин суроом томондогучо ! Но Нейм командасындагы кыз бар болчу , ал кайда кетти ? Универсал командасы мыкты кгманда , бирок тил маселесине келгенде ото эле начар , аз маз телевиденияга чыгып жатканда туура суйлогонго аракет кылышса жакшы болмок Рахмат !!!
14.03.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бишкек шаарында концерт берсенер жакшы болмок? бар болгула Оштук туугандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: