super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Мектептерде методикалык китептер аз, мугалимдер гезиттерди окубай калса билим берүү начарлап кетет" дейт Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

"Мектептерде методикалык китептер аз, мугалимдер гезиттерди окубай калса билим берүү начарлап кетет" деген оюн Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аккуш Асанбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Ар бир мектепте камкорчулук кеңеши бар, алар мугалимдерди билимин жогорулатуу максатында гезиттерге жазылууга чакырат. Бул гезиттерде мыйзамдар жана биздин кесипке тийиштүү макалалар чыгат. Эч ким мугалимдерди кыйнап, гезиттерди сатып алгыла деп айтпайт. Мугалимдер гезит окубаса болбойт. Гезиттер аркылуу алар билимин жогорулатып, жаңылыктарды окуп, билип турушат. Ошондой эле азыр мектептерде методикалык китептер аз болуп жатат. Гезит окубаса мугалимдердин билим берүүсү начарлап кетет да", - дейт Асанбаев.

Айта кетсек, "Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептердин мугалимдеринин айлык акысынан "Ноокат таңы" жана "Билим жарчысы" деген гезиттерге акча кармап калат. Ошондо бир жылда 1 мугалимден 2000 сом кармалат, бул мугалимдер үчүн чоң эле зыян. Ал гезиттерди алгандан кийин эч ким окубайт, атайын сатып алгандар дээрлик жок" деген билдирүүсүн окурман бүгүн, 12-мартта WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(13)
12.03.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Б. Б.башчысынын айлыгы коп да. Мажбур аласын дейтго. Ошол гезитти акысыз берип койгула. Обедти ар куну ресторанда жебей
12.03.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр интернет деген бар, каалагандар ошол жерден эле окуп алышат. Газеталары отпой калсам ушинтип кыйнап сатышат
12.03.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ноокат таны деген гезитти окуса эле, билими кучтуу болуп кетпейт. Бул болбогон нерсе. Азыр интернет деген бар, билбеген нерсенди гугл акадан сурасан таап берет.
12.03.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол мектептин директору менен типографиянын директорлору келишим тузуп алышса керек. Уялбай айтыптыр газета окуп билимин жогорулатат деп. Кишинин кыжырын келтирип
12.03.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир мугалимге зордоп сатпастан, бирден нуска мектептин китепканасына эле берилсе болбойбу. Керек учурда же бош убактысында мугалимдер китепканадан керектуу жанылыктарды жана материалдарды гезиттерден окуп алышат. 2000 сом билинбегени менен ай сайын 200сомдон кармалат экен айлыгынан. Бул маселени мектеп директору жана райондук билим беруу башчысы биргеликте чечип койсо болмок.
12.03.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыркы кундо айыл жергесиндеги баардык эле жарандардын телефондору интернетке кирбейт. Анан алар кайсы гуглдан окушат айла жок газетадан окушат.
12.03.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
peri.92,Кулатов айыл өкмөтүндө интернет жакшы иштейт ал жагынан кыжаалат болбогула.
12.03.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гугул аканар тарпайт да коп жерде яндекс эженер да газета жакшы
toolos1982 түзөттү 2018-03-12 19:25:15
12.03.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тобоо ,жоопту катырыптыр го,озунун денгээлин которбойбу биринчи
12.03.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nanei,мен башка эле райондон болом. Агай аябай билими кучтуу иштин козун билген адам. Сыртынан антип айткан жарабайт го.
12.03.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда тээ илгери "кайф" замандан (Акаев заман) бери эле пенсия, пособия, айлык акы бергенде гезит берип акча кармап калышат! Чоң атам пенсиясына жөнөгөндө мен супер инфо гезитин күтөт элем))) "Бриллиант жыланды" калтырбай окугам го )))
12.03.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Райондук облустук газеталарды эч ким сатып албайт. Себеби кызыктыруучу макала жокко эсе. Газеталарды мекеме ишканалардын жана облустук, райондук билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мажбур түрдө эле беришет. Бул өйдө жактын буйругу экени айдан ачык эле билинип турат.
13.03.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Орусияда иштедим, Мекенге кызмат кылайын,уйумдо отурайын деп, мектепке коп умуттор менен ишке кирдим. Мектепте иштеген балдардын салам бергенине байланып гана ишке барбасам, айлыгы ото аз, иши ото коп, отчету, проверкасы куйгузду. Тест алгыла дейт, ар бир тестти распечатка кылып 30дан окуучуга таратканга да акча кетет экен. Тапканын коргозмо куралдар,газета журналдарына кетет. Кызыктуу сабак отуу учун коргозмо куралдарга акча кетет. Элдин эмнеге мигрант болуп кетип жатканын туура тушуном?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: