super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин отставкасын кабыл алды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Нурханбек Момуналиевдин отставкасы кабыл алынып, ал берген арызы боюнча Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси – министри кызматынан бошотулганы айтылат.

Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаков Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотууну президент Сооронбай Жээнбековго бүгүн, 12-мартта сунуштаган.

Момуналиев Нурханбек Сакенович 1971-жылы 5-февралда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган.

Билими:

1992-жылы Архитектуралык-курулуш техникумун “техник-куруучу” адистиги боюнча, 1999-жылы Чүй университетин “салык иши” адистиги боюнча, ал эми 2006-жылы Президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган. 2015-жылы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамиле” магистри болгон.

Эмгек жолу:

1992-1995-жылдары - Референт, ТПФ "МABI";

1995-1996-жылдары Ленин райондук №2-Турак-жай эксплуатациялык башкармалыгында участок мастери;

1996-1998-жылдары Октябрь райондук №15-Турак-жай эксплуатациялык башкармалыгында башкы инженер;

1998-1999-жылдары “Бишкектуракжайоңдоо” АК №15-филиалынын директору;

1999-2000-жылдары Свердлов райондук АК №9-филиалында башкы инженер;

2000-2001-жылдары Чүй облустук мамадминистрациясынын өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башкы адиси;

2001-2002-жылдары Жайыл райондук администрация жетекчисинин кеңешчиси;

2002-2003-жылдары Жайыл райондук мамадминистрациясынын жалпы бөлүм начальниги;

2003-жылдары Жаштар иши боюнча алдыңкы адис, Кара-Балта шаардык башкармалыгы жана Жайыл райондук мамадминистрация аппаратынын жетекчиси;

2003-2005-жылдары финансы-экономикалык талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн алдыңкы инженери, экономист;

2005-2007-жылдары премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик кызматты башкаруу жана аймактык өнүктүрүү ишин уюштуруу боюнча инспектору;

2007-жылдары премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;

2007-2009-жылдары президенттин администрациясынын уюштуруу иши жана мамбашкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;

2009-жылдары өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары даражасындагы өкмөттүн туруктуу өкүлү;

2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн аппарат башчысынын биринчи орун басары жана президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары;

2012-2016-жылдары өкмөт аппаратынын жетекчиси;

2016-2017-жылдары – Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

2017-жылы 26-августта өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

Кошумча маалымат:

Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Сыйлыктары: “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: